Опубликовано 30.03.2021

Чернобыль АЭСинин кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларынын жана компенсацияларынын жаңы өлчөмдөрүн белгилөө

Чернобыль АЭСинин кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларынын жана компенсацияларынын жаңы өлчөмдөрүн белгилөө

Чернобыль апаатынан жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жана «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин ишке ашыруу максатында  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  № 115 «2021-жылдын 1-январынан баштап мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларына компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтому кабыл алынды, токтом менен Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларына ар айлык компенсациялык төлөөлөрдү пенсияларынын өлчөмдөрү 4800 сомдон ашкан адамдарга 400 сом өлчөмүндө жана пенсияларынын өлчөмдөрү 4800 сомго жетпеген адамдарга - 4800 сомдун жана алуучу пенсиясынын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катарында аныкталган өлчөмдө, бирок 400 сомдон кем эмес өлчөмдө белгилөө көрсөтүлгөн.

Пенсионерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алышат.