Опубликовано 17.03.2021

Состоялось заседание Правления Социального фонда по итогам 2020 года

Состоялось заседание Правления Социального фонда по итогам 2020 года

Бишкекте Социалдык фонддун Башкармасынын

2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча кеңейтилген отуруму өттү

 

Бишкек шаарында аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусу менен өткөн Социалдык фонддун Башкармасынын кеңейтилген отурумунда, 2020-жылы аткарган иштеринин жыйынтыктары каралып, Социалдык фонд тарабынан мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча тапшырмаларды аткарууда бир катар иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

2020-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун жалпы кирешеси 56 063,6 млн. сомду түздү (ИДПга карата 9,6 %). 2019-жылга бюджеттин аткарылышына салыштырмалуу 2 220,5 млн. сомго же 104,1 % көп. 2020-жылдын алдын ала жыйынтыгы менен 33 186,1 млн. сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, Социалдык фонддун такталган бюджетинде каралган 33 027,7 млн. сом план 100,5 % аткарылды, башкача айтканда 158,4 млн. сомго көп. 2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 786,7 млн. сомго көп, өсүү 102,4 %.

            Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчүкаражаттар 2020-жылы 22 536,7 млн. сом суммасында түштү.

            Алдын ала маалыматтар боюнча 2020-жылы Социалдык фонддун чыгымдары 56 654,4 млн. сомду түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 3 148,1 млн. сомго көп.

            Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2020-жылы 2 361,5 млн. сомго, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 198,3 млн. сомго каржыланды.

           

Пенсиялык жана тарифтик саясат

 

            Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында 2020-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 481 жана № 480 токтомдору менен 2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 105%га же 100 сомго, ал эми, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 1,07 коэффициентине индексацияланды, бирок жалпы өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 360 сомдон кем эмес индексациялоо жүргүзүлдү.

2021-жылдын 1-январынан баштап мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсияларды 4800 сом өлчөмүндө жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын пенсияларына компенсациялык төлөөлөрдү 400 сом өлчөмүндө белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна  жөнөтүлдү (чыг. № 2-3/583, 09.02.2021-ж.).

Камсыздандыруу салымдарын жыйноо, камсыздандыруу салымдарын эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу функцияларын салык органдарына өткөнүнө байланыштуу «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» жаңы Нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтому менен кабыл алынган.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамы менен кабыл алынгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтому менен кабыл алынган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» Нускамага тийиштүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 49 токтому менен бекитилди.

 

Топтомо компонентин өнүктүрүү саясаты

 

Пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сактыгын камсыздоо үчүн аларды инвестициялоодо финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү максатында пенсиялык топтоо каражаттарын (жалпы активдердин 10% көлөмүндө) аффинаждалган алтын сыяктуу альтернативдүү инструментке инвестициялоо максатында «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, министирликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлгөн (чыг. № 2-4/346, 25.01.2021-ж.).

Ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын чет өлкөлүк валютага жайгаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлгөн (чыг.№ 2-3/6740, 30.12.2020-ж.).

            Камсыздандырылган адамдарга ипотекалык насыя берүүдө алгачкы төгүмдү каржылоо жана кымбат дарылоону талап кылган, өмүрүнө олуттуу коркунуч келтирген оор ооруларда чыгымдарды каржылоо пенсиялык топтоо бөлүгүнөн төлөп берүү укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрынын № 710 токтому менен каралды.

Ушундан улам, 2020-жыл ичинде ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү каржылоо үчүн 20 адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2 167 963 сом, ошондой эле, оор оорулары бар, пенсиялык топтоо бөлүгүнүн эсебинен 5 адамга 564 558 сом төлөнүп берилди.

 

 Эл аралык кызматташтык

 

Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин арасында:

2019–жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуу 2021-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирди.

Түркия Республикасы менен:

2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө Келишими  2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирди.

Япония мамлекети менен:

2019-жылдын 20-24-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Японияга болгон жумушчу сапарынын жана ал жактагы биздин мекендештер менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Япония Өкмөтүнүн ортосундагы пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуу иштелип чыкты. Азыркы учурда макулдашуунун долбоору дипломаттык каналдар аркылуу  Япония тарабына жиберилди (чыг. № 7-6/6530, 18.12.2020-ж.).

Сауд Аравия Королдугу менен:

2019-жылдын 16-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Социалдык фонд менен Сауд Аравия Королдугунун мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосунда пенсиялык камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-июлунда № 367 токтому менен жактырылган.

Ошондой эле, 2020-жылы социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу маселелери боюнча кызматташууну жөнгө салуу жана тажрыйба алмашуу максатында эки тараптуу макулдашуулар иштелип чыгып, төмөндөгү өлкөлөрдүн компетенттүү органдарына жиберилди: Тажикистан Республикасы, Азербайджан Республикасы, Украина, Литва Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Болгария Республикасы, Грузия, Венгрия, Корея Республикасы.

 

Пенсияларды каржылоо жана төлөө

 

            2020-жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 47 861,7 млн. сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды, анын ичинен каза болгон пенсионерлерге сөөк коюуга 453,8 млн. сом төлөндү. 2021-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок.

2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 688,0 адамды түздү, анын ичинен: 263,0 миң адам же жалпы санынын 38 % “Кыргызпочтасы” МИ филиалдары аркылуу, 425,0 миң адам же 62 % республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат. 2021-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин санынын өзгөрүшү тууралуу маалыматка ылайык 2020-жылы коммерциялык банктар аркылуу пенсия алуучулардын саны 55%дан 62%га өскөн, же болбосо 7%га жогорулаган, башкача айтканда 55,2 миӊ пенсионерге көбөйгөн. 2019-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 19,0 миң  адамга көбөйгөн.

Социалдык фонддун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун эсебинен 2020-жыл ичинде төлөнүп берилген акча каражаттардын жалпы суммасы 221,6 млн. сомду түзгөн, анын ичинде:

  • Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык пенсионерлерге бир жолку төлөмдөргө 163,6 млн. сом;
  • мөөнөттүү төлөмдөргө 13,9 млн. сом;
  • Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп кеткен чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 13,8 млн. сом;
  • каза болгон адамдардын мураскорлоруна 29,1 млн. сом;
  • «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге 0,6 млн. сом;
  • пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор ооруларга 0,6 млн. сом төлөндү.

Пенсиялардын төлөнүшүн «Eleed»  программасы аркылуу ишке ашырууга Социалдык фонддун 24 райондук жана шаардык башкармалыктары ийгиликтүү өткөрүлдү.

 

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

 

2020-жылдын 1-январына карата Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттары 20 707,5 млн. сомду түзгөн, ал эми 2021-жылдын  1-январына карата 24 656,3 млн. сомду түздү, башкача айтканда 1 жылдын ичинде 3 948,8 млн. сомго көбөйгөн.

2020-жылы МТПФга 1 822,8 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрү жыйналган.

Социалдык фонд тарабынан МТПФнын каражаттарынан 2020-жылы 7568,95 млн. сом жайгаштырылган, анын ичинде:

1) мамлекеттик баалуу кагаздарга (мамлекеттик казына облигациялар (МКО)) 6022,7млн. сом;

  1. Депозиттик салымдарга 1 546,25 млн. сом.

Мурда жайгаштырылган МТПФнун каражаттарынан 2020-жылдын 12 айында төмөнкү кирешелер алынган:

  • баалуу кагаздардан түшкөн киреше - 2 185,3 млн. сом;
  • депозиттик салымдардын пайыздык кирешеси - 194,6 млн. сом;
  • МТПФнын эсептеринин күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше - 11,4 млн. сом.

Бардыгы болуп 2020-жылы 2 391,3 млн. сом киреше түшкөн.

Камсыздандырылган жарандардын тандоосу боюнча 2020-жылы пенсиянын топтомо каражаттары 11,3 млн. сом өлчөмүндө «Кыргызстан» жана «Дордой Салым» топтомо пенсиялык фонддоруна которулуп берилди, топтомо пенсиялык фонддорун тандаган камсыздандырылган жарандардын саны 156 адамды түздү.

 

Жекече эсепке алуу

 

Бүгүнкү күндө республика боюнча 6 295,5 миң адам жекече эсепке алуу менен камтылган (республиканын жалпы калкынын 94,5%). Жыл ичинде жекече эсепке алуу системасында 105,8 миң жаран катталган.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2019-жылы төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү үчүн иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгү (ЖЭ2) кайра эсептелди, мында 2020-жылы кайра эсептөө пенсионерлердин кайрылуусусуз жүргүзүлгөн. Автоматташтырылган кайра эсептөөдө республика боюнча алардын саны – 99,0 миң пенсионерди түздү.

 

Пенсияларды борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө

 

Социалдык фонддун Пенсияны чектөө жана кайра эсептөө департаментине 2020-жылы  пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн 63487 пенсиялык иш келип түшкөн, алардын ичинен 50455 пенсиялык иш жаңыдан дайындоого жана 13042 пенсиялык иш кайра эсептөөгө. Жалпысынан 2020-жылы 64442 пенсиялык иштер каралган, анын ичинен 51 474 жаңы дайындалды жана 12 968 пенсиялык иш кайра эсептелди.

 

Санариптештирүүнүн алкагында аткарылган иштер

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу максатында, Социалдык фондунда «e-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу маалыматтык системасы киргизилип, иштеши толук камсыз кылынды.

            Социалдык фонд «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмашуу боюнча 14 мамлекеттик органдар жана 13 коммерциялык банктар менен Макулдашууларды түздү. Макулдашуунун негизинде Социалдык фонд мамлекеттик жана коммерциялык мекемелерге камсыздандырылган адамдын иштеген мезгилдери; пенсия алуучу; пенсионер;  камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрү; камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү; пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдор; милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда камсыздандырылгандыгы жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө берүүдө.

            «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму боюнча Социалдык фонд башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүүсү менен 2020-жылы жалпысынан 2 537 514 маалымат алмашууну жүргүздү, анын ичинде: 995 432 Социалдык фонддун башка мамлекеттик органдардан алган маалыматы; 1 542 082 Социалдык фонддун башка мамлекеттик органдарга берген маалыматы. 

            2019-жылдын 1-июлунан тартып Социалдык фонд тарабынан иштелип чыгып ишке киргизилген “Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети” автоматташтырылган маалымат системасынын ишин жакшыртуу багытында  Бирдиктүү идентификация тутуму менен интеграциялоо иштери аткарылды, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен дагы интеграцияланды. “Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети”  жаңы киргизилген 2019-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен 13 718 жаран катталып тийиштүү электрондук кызматтарды алган болсо, 2020-жылы 157 497 жаран катталып, азыркы учурда бардыгы болуп 171 223 колдонуучу бар.

 

Коррупцияга каршы иш-чаралар

 

Социалдык фонддун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу менен коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоо иштери  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 474 токтому менен мамлекеттик органдарга 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планына ылайык Социалдык фонддун башкармасынын 2019-жылдын 8-октябрындагы № 70 токтому менен аткарууга алынган  жалпы мамлекеттик органдарга тийиштүү коррупцияга каршы саясат, санариптештирүү боюнча иш-чаралар аткарылып жатат.

Коррупцияга каршы иш-аракеттердин жыйынтыктарында Социалдык фонддун системасында мүмкүн болгон коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планында каралган иш-чаралардын негизинен аткарылып, мындан аркы жүргүзүлүүчү иштер коррупцияга каршы механизмдердин иш-жүзүндө аткарууга, коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоого багытталып жатат.

 

Кадрдык саясат

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын аткаруу максатында «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылы 23-январында № 22 токтому иштелип чыгып, токтомдун негизинде 2020-жылдын 1-апрелинен тартып, Социалдык фонддун 150 штаттык бирдиктери кыскартылып, борбордук аппараттын курамында департаменттер жана төраганын кеңешчисинин бир штаттык саны түзүлдү.

2020-жылда Социалдык фонддун борбордук аппаратында 23 кызматкер жумушка алынды, 155 кызматкер орун которду жана 11 кызматкер жумуш ордунан бошотулду.

2020-жылда Социалдык фонддун иш багыттары, эл аралык сурамдар, пенсия чектөө жана төлөө, отчетторду убагында тапшырбагандыгы, аудиттик текшерүүлөрдүн жыйынтыктары, эмгек жана аткаруучулук тартиптерин бузгандыктары үчүн Социалдык фонддун борбордук аппаратынын кызматкерлеринен жана региондук органдарынын жетекчилик курамынан 42 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин жана региондук органдарынын 35 бош кызмат орундарына талапкерлерди тандап алуу иштери жүргүзүлүп, кызматкерлердин катары толукталды.

 

Иш кагаздар боюнча маалымат

 

Социалдык фонддо 2020-жылы бардыгы болуп  41 959 документ катталган, алардын ичинен:

  • кириш документтер – 25 255;
  • чыгыш документтер – 16 704.

Көзөмөлгө алынган 23 934 документтердин  аткарылышы камсыздалды.

Кириштелген 25 255 документтин арасынан:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 145;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 73;  
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан – 749;
  • министрликтерден жана башка мекемелерден – 12 618;
  • жергиликтүү аймактык түзүмдүк башкармалыктардан – 1 321;
  • чет өлкөлөрдөн келген сурамдар – 9 897;
  • жарандардын арыздары жана даттануулары – 346 документ;
  • электрондук кайрылуулар – 106 (www.sf.kgwww.help,  www.kattar.kg).

 

2020-жылы чет өлкөдөн 9897 сурамдар келип түшкөн.

 

 

Социалдык фонддун «Окуу борбору» мекемесинин ишкердиги

 

 

Социалдык фонддун «Окуу борбору» мекемеси тарабынан 2020-жылдын
4-мартындагы № 16 токтому менен бекитилген иш-планынын негизинде төмөнкү иш чаралар аткарылды.

Бишкек шаарында жайгашкан мектептерге, мекеме-уюм, ишканалардын эмгек жамааттарына, жаштар арасында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык түшүндүрүү кампаниясын өткөрүүгө керектелүүчү усулдук көрсөтмөлөр, буклеттер, плакаттар, борттук журнал таркатылды.

Адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу багытында:

  • Социалдык фонддун райондук, шаардык башкармалыктарынын адистерине (76 адис) семинар-окутуулар өткөрүлдү.
  • пенсияларды төлөө иштериндеги сабаттуулукту жогорулатуу боюнча 22 кызматкерге лекция өткөрүлдү.
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 13 кызматкерине 2 күндүк семинар-окутуу өткөрүлдү.

Калк арасында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу багытында:

  • Бишкек шаарында жайгашкан жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринин (13) студентерине, мугалимдер жамаатына (1611 жаран), 2 мекеме-уюмдардын эмгек жамаатына (130 жаран) лекциялар өткөрүлдү.

- пенсия курагындагы жарандарга (5 пенсионерге) компьютердик сабаттуулук боюнча усулдук-методикалык окутуулар уюштурулду.

«Пенсия» журнал-басылмасынын 2020-жылга пландаштырылган 4 саны 14000 экземплярда басылып чыгарылды.

 

Жарандардын жазуу жүзүндө жана оозеки кайрылуулары

боюнча маалымат

\

2020-жылы Социалдык фондунун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө (мындан ары – бөлүм) кат аркылуу 473 кайрылуу каттары келип түшкөн, анын ичинен:

  • жогорку органдардан 178, анын ичинен:
  • арыз менен кайрылган жарандар – 295.

Салыштырма талдоо көрсөткөндөй, жарандардын жазуу жүзүндө кайрылууларынын саны 2020-жылдын 12 айында 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 23ге көбөйгөн, эгерде 2019-жылдын 12 айында 450 арыз түшсө, жалпысынан 2020-жылдын 12 айында  473 арыз түштү.

              Оозеки түрүндө бөлүм тарабынан 975 адам кабыл алынып түшүндүрмөлөр берилди, оозеки кайрылуулардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 31ге көбөйгөн, алсак 2019-жылдын 12 айында алардын саны 944 түзсө, 2020-жылдын 12 айында 975 түздү.

              2020-жылдын 12 айында Социалдык фонддун расмий сайты, аны менен бирге Социалдык фонддун Call-борбору (1202 кыска номери) аркылуу келип түшкөн 228 электрондук кайрылууга тийиштүү жооптор берилди. 2019-жылдын ушул эле мезгилинде электрондук кайрылуулардын саны 137 түзгөн.

Мындан тышкары, Социалдык фондунун Call-борбору аркылуу негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу оозеки толук түшүндүрмөлөр берилүүдө. Алсак, 2019-жылдын 12 айында кайрылуунун жалпы саны 16770 болсо, 2020-жылдын 12 айында кайрылуунун саны 48181 түздү жана 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу 31411 кайрылууга көбөйгөн.

              Социалдык фонддун «ишеним телефондору» аркылуу, мамлекеттик жана расмий тилде дайыма өз убагында жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр, суроолорго жооптор берилип турат.

Социалдык фонддун төрагасы жана орун басарлары тарабынан күн сайын саат 16.00дөн 18.00гө чейин жарандар жеке маселелери боюнча кабыл алынат. Социалдык фондунун жетекчилери тарабынан 2020-жылдын 12 айында 61 адам кабыл алынып, маселелерин чечүүгө тийиштүү көмөк көрсөтүлдү, ал эми 2019-жылдын 12 айында 131 адам кабыл алынган.

Отурумдун жыйынтыгында Социалдык фонддун райондук жана шаардык башкармалыктарына жалпы иш багыттар боюнча көрсөтмөлөр, тапшырмалар, сунуштар берилип, айрым жетекчилерге жоопкерчилик тартиптик чаралары белгиленди.