Опубликовано 13.01.2021

Соцфондко 2020-жыл ичинде 10824 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфондко 2020-жыл ичинде 10824 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфондко 2020-жыл ичинде 10824 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

КР Социалдык фондунун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2020-жылдын 1-январынан тартып 10824 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен 473 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар,  228 электрондук арыздар.

Учурдагы өлкөдөө болуп жаткан COVID-19 пандемиясынан улам орун алган жагдайга карабастан 2020-жылдын 12 айында 975 жаранга оозеки кабыл алуу болду жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча түшүнүктөр берилди.

Андан тышкары, төрага, төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 61 жаранды өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн талдоо боюнча көбүнчө пенсияларындагы өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, пенсияларды индексациялоо тууралуу, пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу, пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө жана камсыздандыруу стаждарын, айлык акыларын тастыктоо тууралуу арыздар, даттануулар жана кайрылуулар келип түшкөн.

КР Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу  мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөөлөр берилип келүүдө.

2020-жылдын 12 айында 9087  телефон чалуулар, анын ичинен  уюлдук телефон аркылуу 942 чалуулар түшкөн.