Опубликовано 16.12.2020

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, КР Өкмөтү тарабынан "Кыргыз Республикасынын Идентификациялоонун бирдиктүү тутуму жөнүндө" жобо бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети "Бирдиктүү идентификация тутуму" автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгып, ишке киргизген.

"Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформация Концепциясын ишке ашыруунун алкагында, камсыздандырылган адамдарга электрондук кызмат көрсөтүү үчүн, КР Соцфонду "Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети" автоматташтырылган маалымат тутумун ишке киргизип, ал өз кезегинде "Бирдиктүү идентификация тутуму" автоматташтырылган маалымат тутуму менен интеграцияланган.

Буга байланыштуу “Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” автоматташтырылган маалымат тутумунун ишинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:

  1. Камсыздандырылган адамдар (колдонуучулар) үчүн "Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети" автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизүү (авторизациялоо) жол-жобосу "Бирдиктүү идентификация тутуму" автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат. "Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети" автоматташтырылган маалымат тутумунун интернет дареги ошол бойдон, башкача айтканда, https://lk.sf.kg эле калды. Ошол эле учурда, "Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети" автоматташтырылган маалымат тутумунда мурда катталган, ал аркылуу "Бирдиктүү идентификация тутуму" автоматташтырылган маалымат тутуму менен маалымат алмашуу ийгиликтүү болгон, өзүнүн колдонуучу атын жана сыр сөзүн колдоно алат.
  2.  "Бирдиктүү идентификация тутуму" автоматташтырылган маалымат тутумунда камсыздандырылган адамдарды алгачкы каттоо (жаңы колдонуучуларды) камсыздандырылган адам тарабынан, Интернет аркылуу өз алдынча жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда, алгачкы каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына баруу талап кылынбайт. Учурда онлайн режиминде каттоонун эки жолу бар:

а. ID карта (eID) аркылуу, ID картадан (eID) маалыматты окуу үчүн атайын шайман жана программалык камсыздоо талап кылынат;

б. Булут негизделген электрондук кол тамга аркылуу.

         Ошондой эле, камсыздандырылган адам "Бирдиктүү Идентификация Системасы" автоматташтырылган маалымат тутумуна каттоодон өткөндөн кийин, камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан гана эмес, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарынын бирдиктүү порталы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон дагы электрондук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

         Булут негизиндеги электрондук кол тамга КР жарандары үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык калкты тейлөө борборлорунда бекер берилип жаткандыгын маалымдайбыз. КР Өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматы тарабынан калкты тейлөө борборлорунун даректерин ведомствонун расмий сайтынан таанышууга болот.