Опубликовано 7.12.2020

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу

2020-жылдын 24-25-ноярында КР Соцфондунун «Окуу борбору» мекемеси жана КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматакерлери үчүн эки күндүк семинар болуп өттү.

Бул семинар аталган эки түзүмдүн ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун алкагында  уюштурулду.

Меморандумдун максаты жаза өтөөчү мамлекеттик жайларда жаза өтөп жаткан улгайган курактагы соттолгондордун пенсиялары боюнча кызматкерлердин пенсиялык сабаттуулугун арттырууну көздөйт.