Опубликовано 31.07.2020

КР Соцфондунун төрагасы М.Ирсалиевдин Курман айт майрамы менен куттуктоосу.

КР Соцфондунун төрагасы М.Ирсалиевдин Курман айт майрамы менен куттуктоосу.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу мусулмандар!

Баардыгыңыздарды ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Эзелтен Курман айт–ыйман менен гумандуулуктун зор баалуулуктарды камтыган ыйык майрам. Бул майрам адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөп келет. Бул күнү Улуу Алла Таалага ыраазылык билдирүүнүн белгиси катары ар бир мусулман курмандык чалып, жараткан алдында ыйык милдетин аткарышат. Курман айт майрамын белгилеп жатып мамлекетибизде жашаган ар улуттагы мекендештерибиздин биримдиги, ынтымагы бекемделип, достук мамилелери күчөп, бир туугандык сезимдери чыңалат.

Курман айтты жакшы ниет жана илгери үмүт менен тосуп, өлкөбүздөгү ар бир адамга, үй-бүлөгө тынчтыкты, бакубаттыкты жана бактылуулук тилейбиз. Ыйман нуру ар бир мекендешибиздин жүрөгүнө  жылуулукту ыроолосун. Ылайым элибизден ырыскы куту кетпесин! Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                                                       Медер Ирсалиев.