Опубликовано 8.03.2020

8-март майрамыңыздар менен!

8-март майрамыңыздар менен!

 

Урматуу айымдар !

 

Сиздерди 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм!

 Жаратылышка жан кирип, табият жанданып, күн узарып, көңүл тазарып турган маалда турмушубуздун көркү, жашообуздун эгизи болгон аялзатынын майрамы да жаз менен кошо белгилениши табигый көрүнүш болсо керек.

Жаратканыбыз аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн ыйгарган экен. 

Аялзатынын жүрөгүнөн  чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, үмүт билигин узартып, келечекке ишенимиңди арттырат.

Сиздер бар болгон үчүн дүйнө кооз, жашоо керемет, турмуш шаңдуу эмеспи!

Жоогазын жыттуу жаз айында үйдүн куту ак элечек апаларыбызга, асылзат айымдарыбызга, ажарлуу карындаштарыбызга чын дилимден бекем ден соолук, көөнөрбөс ийгилик, бөксөрбөс бакты-таалай менен бакубат турмуш каалайм.

Жүрөктөн чыккан ак тилектерди билдирүү менен,

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                                                                   М.Ирсалиев