Опубликовано 28.02.2020

Пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай эрте алса болот.

Пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай эрте алса болот.

2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына 2 % өлчөмүндө милдеттүү топтомо элемент киргизилген. 

Пенсиянын топтомо бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар адамдарга чектелет жана төлөнөт, анын ичинде: 1) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге; 2) пенсияга чыгууга укуктуу жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо; 3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кеткен жана кетип жатышкан, жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга; 4) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна; 5) «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге. 

КР Социалдык фонду тарабынан токтом долбоору иштелип чыккан, ага ылайык өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган 50 миң сомдон кем эмес суммада пенсиялык топтоолору болсо, турак жайы жок болгон шартта “МИК” ААК аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан адамдарга пенсиялык топтоолорду алгачкы төгүмдү каржылоого бир жолу жумшоого мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошондой эле аталган ченемдик укуктук актынын долбоору менен пенсиялык топтоо каражаттарын төмөндөгү  тизмекке ылайык өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган оор ооруларда чыгымдарды каржылоого бир жолу жумшоо каралууда:

 1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер;

  2. Кан оорусу:

             1) курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);

             2) апластикалык аз кандуулук;

             3) гемофилия.

  3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

             1) кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;

             2) жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;

            3) жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;

            4) операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;

            5) облитерацияланган эндартерииттин күчөп кеткен түрлөрү.