Опубликовано 28.02.2020

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети.

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети.

2019-жылдын 1-июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын ɵздүк кабинети» иштеп жатат.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун үчүн камсыздандырылган адамдар, анын ичинде пенсионерлер менен өз ара аракеттенүүнүн дагы бир ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» маалыматтык системасы иштеп баштады.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө келип, өзүнүн маселелерин чечүү үчүн адистерге кезекке туруунун ордуна Өздүк кабинет системасында катталып, пароль алып жана андан кийин Өздүк кабинет аркылуу интернеттен зарыл маалыматтарды аралыктан сурап алууга мүмкүн болду.

Өздүк кабинет аркылуу төмөнкү Арыздарды берүүгө болот:

- өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөргө;

- пенсия чектөөгө;

- пенсияны кайра эсептөөгө;

- пенсия төлөөнү узартууга;

- төлөө ордун жана ыкмасын өзгөртүүгө;

- пенсия тууралуу маалымкат алууга;

- башкаруучу компанияны алмаштырууга же ТПФ каражаттарын төлөөгө.

Тɵмɵнкүлɵр жɵнүндɵ тийиштүү маалымат алууга:

- чектелген пенсия тууралуу маалыматтарды

Тɵмɵнкүлɵрдү калтырууга:

- Каалаган суроо боюнча формалдашпаган кайрылууну.

Өздүк кабинетте катталуу үчүн сиз: Социалдык фонддун жакынкы аймактык бөлүмүнө бир жолу келип, арыз бере аласыз. 2017-жылдагы үлгүдɵгү КР жаранынын паспорту жана окуп чыгуучу түзүлмɵ (картидер) болсо  алыс жактан эле катталууга болот.

Бүгүнкү күндө Камсыздандырылган адамдын ɵздүк кабинети аркылуу, пенсияны чектөөгө мыйзамдын талаптарына ылайык керектелген иш кагаздары менен 4 кайрылуу тушүп, аларга пенсиялык мыйзамдын нормаларына ылайык өз убагында пенсия чектелди.

Ушул тапта электрондук кабинетте 54306 адам катталган.