Опубликовано 4.02.2020

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь айында 3994 кайрылуу кабыл алды

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь айында 3994 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

 

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Соцфонддун Call-борборуна  3363 кайрылуу келип түшкөн.

 

Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 631 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

 

КР Соцфондунун Call-борборуна  кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.