Опубликовано 30.01.2020

Кыргызстан менен Корея ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Меморандум

Кыргызстан менен Корея ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Меморандум

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык фонду менен Корея  Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын пенсиялык каражаттарды төлөө маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын (мындан ары - УПК) ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында кызматташууда. Меморандум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрында № 579 буйругу менен бекитилген.

Пенсиялык каражаттарын бир жолку төлөмдөр Меморандумга ылайык Корея Республикасынын  Улуттук пенсиялык кызматы тарабынан ишке ашырылат. Корея Республикасынын аймагында иштеген мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан түзүлгөн жана Кореянын аймагында алар талап кылбаган пенсиялык топтоолор бир жолку төлөм түрүндө (камсыздандыруу төгүмдөр жана аларды инвестициялоонун натыйжалары боюнча алынган киреше) төлөнүүгө тийиш. Ошондой эле жарандар, эгерде алар Кореяда иштеген жана Кореядан кетип жатканда пенсиялык төлөмдөрүн албаган адамдын мураскорлору болсо бул пенсиялык төлөмдөрдү алууга укуктуу.