Опубликовано 8.01.2020

Пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдери

Пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдери

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдерин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, кол коюлган токтомго ылайык пенсиялык топтомдору бар камсыздандырылган жактар топтомун ипотекалык насыя алаарда өздүк салымы катары колдоно алышат.

«Биз пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумундагы акыйкаттуулукту камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүүдө жарандарга көмөк көрсөтүү максатында киргизип жатабыз. Анын ичинде, эми өзүнүн турак жайы жок камсыздандырылган жарандар, пенсиялык топтомдорун ипотекалык насыя боюнча баштапкы төлөмдү каржылоо үчүн пайдалана алышат. Мындан тышкары Өкмөттүн бул чечиминин алкагында тиешелүү тизмеде көрсөтүлгөн оор илдеттерге чалдыккан камсыздандырылган жактар өздөрүнүн пенсиялык топтомдорун медициналык чыгымдарды төлөө үчүн пайдалана алышат», - деди Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө пенсиялык топтомдордогу каражаттарды мөөнөтүнөн мурда алуу укугун берген оор оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгып, тизмеге онкологиялык илдеттер дагы кирет.   

Мухаммедкалый Абылгазиев калктын актуалдуу социалдык маанидеги маселелерин чечүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналарын баса белгиледи. Бул багытта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин жакшыртуу боюнча иштер туруктуу жүргүзүлүүдө. 

Анын айтымында, Өкмөт мындан ары да жарандар үчүн актуалдуу социалдык милдеттемелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн натыйжалуу механизмдерди ишке киргизет.