Опубликовано 25.07.2019

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ЧУА долбоорун коомдук талкууга чыгарат

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ЧУА долбоорун коомдук талкууга чыгарат

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө

 

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгү 2019-жылдын 1-октябрынан тартып 2018-жылдагы орточо эмгек акынын 2017-жылдагы орточо эмгек акыга карата 105 %га өсүшүн эске алуу менен же 100 сомго индексациялансын;

 - пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын
1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Премьер-министри                                          М.Д.Абылгазиев

 

 

 

 

 

«2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон  пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна

 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

 

  1. Максаты жана милдеттери

Пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо аркылуу пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоо «2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтомунун долбоорунун максаты болуп эсептелет.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын пенсиянын базалык бөлүгүнө индексация жүргүзүү бөлүгүн аткаруу милдети болуп саналат.

  1. Баяндоочу бөлүк

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациянын алдындагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
22-сентябрындагы № 442 «2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» токтомуна ылайык пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сом өлчөмүндө белгиленген, 2017-жылдагы орточо эмгек акынын (105,5%) өсүшүнө же 100 сомго индексацияланган. Мында индексация пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимунан төмөн болгон (4 393 сом)  пенсионерлер үчүн б.а. пенсионерлердин 38 % үчүн (246,0 миң адам) жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча 2018-жылы орточо эмгек акы 16427 сомду түзгөн же 2017-жылдагы орточо эмгек акыга карата 4,8%га өскөн. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору менен пенсиянын базалык бөлүгүн 2018-жылдагы орточо эмгек акынын 105% га өсүшүнө же 100 сомго индексациялоо сунушталууда. Ошону менен бирге эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча пенсионердин жашоо минимуму 4283 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча пенсионерлердин саны 2019-жылдын 1-октябрына карата 667,3 миң адамды түзөт, алардын ичинен 36 %нын же 241,5 миң адамдын пенсиясынын жалпы өлчөмү 2018-жылга карата пенсионердин жашоо минимумунан төмөн. Тактап айтканда бул категориядагы адамдар үчүн пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.  

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин болжолу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтомунун долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына 2019-жылдын 25-июлунда коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүү үчүн жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо

Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

  1. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы
№ 594 токтомуна ылайык пенсиянын базалык бөлүгү 2017-жылдын
1-январынан тартып жана андан кийинки жылдары 100 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржыланат.

Жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоого 2019-жылдын 1-октябрынан тартып республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 67 341 300 (алтымыш жети миллион үч жүз кырк бир миң үч жүз) сом суммасында керектелет, ал 2019-жылга карата республикалык бюджетте каралган.

  1. Жөндөө таасирин талдоо тууралуу маалымат

Ишкердик ишин жөнгө салууга багытталбагандыктан сунушталган долбоор жөндөө таасирин талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун                                            М.Ирсалиев

 

 

 

 

 

 

Долбоор

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө

 

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

  1. 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,05 өлчөмүндө бекитилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2019-жылдык 1-октябрынан тартып 1,05 индексациялоо коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4283 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4283 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 320 сомдон кем эмес индексацияласын;

- пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                   М.Д.Абылгазиев       

 

 

 

 

«2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна

 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

 

 

  1. Максаты жана милдеттери

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо аркылуу пенсионерлерди коргоо
«2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунун максаты болуп эсептелет.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексация жүргүзүү бөлүгүн аткаруу милдети болуп эсептелет.

  1. Баяндоочу бөлүк

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык орточо эмгек акынын (ОАЭ) чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин (КБИ) өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2018-жылы КБИ 101,5%, ОАЭ өсүшү 104,8%, Кинд = (101,5%+104,8%)/100/2=1,032 түздү.

Ошону менен бирге пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 1140 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрели № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору менен 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентин 1,05 өлчөмүндө бекитүү жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,05 индексация коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4283 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4283 түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 320 сомдон кем эмес индексация жүргүзүү сунушталууда.

 Мында 200 сомдон жана 320 сомдон кем эмес суммада жогорулатуунун сунушталып жаткан минималдык чектери эсептешүү коэффициентин колдонууда индексациянын өлчөмү азыраак болуп кала турган (16-60 сомдон) пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексация жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2019-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 667,3 миң адамды түзөт.  Боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын  орточо өлчөмү 5820 сомду түзөт, бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 6%га же 328 сомго жогору.

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин болжолу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  бул токтомунун долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына 2019-жылдын 25-июлунда коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүү үчүн жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо

Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

  1. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен 592,0 млн. сом керектелет.

7. Жөндөө таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Ишкердик ишин жөнгө салууга багытталбагандыктан сунушталган долбоор жөндөө таасирин талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун        төрагасы                                           М. Ирсалиев