Опубликовано 15.08.2019

КР Социалдык фонду коомдук талкуулоого «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз

КР Социалдык фонду коомдук талкуулоого «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республиксынын Мыйзам долбоору тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республиксынын Мыйзамы жактырылсын.
  2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга

бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна

негиздеме маалымкат

 

 

1. Максат жана милдет

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 76-беренесин ишке ашыруу максатында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты.

2. Баяндоочу бөлүк

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзам долбоорун жактыруу токтомдун долбоорунун негизги максаты болуп саналат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин негизги параметрлерин бекитүүгө багытталгандыгына байланыштуу долбоорду коргоодо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү кылып дайындоо максатка ылайыктуу.

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

Долбоор коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо

Долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо тууралуу маалымат

Сунушталган долбоор жөндөө таасирин талдоого жатпайт, анткени ишкердик ишин жөнгө салууга багытталган эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна чыгарылат.

 

 

Төрага                                                                                  М. Ирсалиев

 

 

 

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө

 

1-берене

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети                   1-тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 57 971 021,3 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 57 008 965,8 миң сом.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин профицити 962 055,5 миң сом суммасында белгиленсин.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-2021-жылдарга бюджетинин божомолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

4-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгымдарын каржылоо каражаттары 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

5-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2020-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө чыгымдарын эске алуу менен, 21 911 980,1 миң сом суммасында белгиленсин.

6-берене

1. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоо 2 569 655,4 миң сом суммасында белгиленсин.

2. 2020-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 315 515,4 миң сом суммасында белгиленсин.

7-берене

Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун 2020-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

8-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

негиздеме-маалымкат

 

1. Максаты жана милдеттери

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана          2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 76-беренесин ишке ашыруу максатында  даярдалды. 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин негизги параметрлерин бекитүү мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

2. Баяндоочу бөлүк

2020-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 971 021,3 миң сом жана 2021-2022-жылдарга 61 304 322,1 миң сом жана 65 098 199,9 миң сом суммасында түзүлдү.

2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25% камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды, алардын ичинен               23% Пенсиялык фондго, 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2% Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жана 0,25% Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна.

2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 727 654,3 миң сом суммасында түшүшү пландалды.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 911 980,1 миң сом суммасында каралган.

Акциялар боюнча дивиденддерден, акча каражаттардын калдыгына эсептелген  пайыздардан, убактылуу бош акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешелердин, туумдар менен айыптардын жана башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 500,0 миң сом суммасында болжолдонууда.

Бюджеттин киреше бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №359 буйругуна ылайык 2020-жылы 174 886,9 миң сом суммасындагы акча каражаттар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 2010-жылдын 1-июнунан 2012-жылдын 31-декабрына чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон башаламандыктан жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактардын чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ордун толтуруу үчүн каралууда.

2020-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдары 57 008 965,8 миң сом, 2021-2022-жылдарга 61 029 691,9 миң сом жана 64 743 552,6 миң сом суммасында пландалууда.

Пенсиялык фонддун чыгымдары пенсиялык төлөмдөр, сөөк коюуга жөлөкпул, банктык тейлөө, пенсия жеткирүү, административдик чыгымдар боюнча керектөөлөрдүн эсебинен улам 2020-жылы 52 256 497,5 миң сом суммасында аныкталды.

2020-жылга Социалдык фонддун бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 829 599,7 миң сом көлөмүндө каражаттар каралууда. 

Сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөөгө 2020-жылы 368 460,0 миң сом суммасында каражат каралып жатат.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтар үчүн чыгымдар            2020-жылы 294 596,3 миң сом суммасында белгиленүүдө, пенсиялар жана жөлөкпулдар коммерциялык банктар аркылуу  жана “Кыргызпочтасы” МИ  филиалдары аркылуу төлөнөт.

Социалдык фонддун эсептерин тейлөөгө чыгымдар 14 967,4 миң сом суммасында белгиленүүдө.

2020-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 569 655,4 миң сом багыттоо пландалууда. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 315 515,4 миң сомду түзөт.

2020-жылы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү  1 867 297,5 миң сом суммасында белгиленүүдө.

Инвестициялоодон  түшкөн  кирешелер  2020-жылы 2 388 706,2 миң  сомду түзөт.             Пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүү 2020-жылы 400 000,0 миң сом суммасында пландалууда.

2020-жылы бюджеттин профицити 962 055,5 миң сом суммасында белгиленүүдө.

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолу

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо

Мыйзам долбоорунда Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршы келген ченемдер жок.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 37 жана 56-беренелерине ылайык 21 911 980,1 миң сом суммасында пландалган республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардан сырткары республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Мыйзам долбоору жөндөө таасирин талдоого жатпайт, анткени ишкердик ишин жөнгө салууга багытталган эмес.

 

 

Төрага                                                                        М. Ирсалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга

 бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджетинин божомолу

 

 

(миң сом)

Аталышы

2018-жыл (факт)

2019-жыл           (бюджет)

2020-жыл       (долбоор)

2021-жыл          (божомол)

2022-жыл          (божомол)

Бардык кирешелер

51 013 750,5

54 562 418,0

57 971 021,3

61 304 322,1

65 098 199,9

ИДПга карата % менен

9,2

9,0

8,7

8,7

8,6

анын ичинде:

   

 

 

 

Пенсиялык фонд

46 926 183,1

50 215 498,0

53 218 553,0

56 229 941,2

59 669 681,1

Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду

1 596 344,6

1 668 427,1

1 867 297,5

1 987 304,7

2 117 949,8

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

2 216 945,8

2 388 285,3

2 569 655,4

2 750 415,8

2 950 678,2

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду

274 277,0

290 207,6

315 515,4

336 660,4

359 890,8

Бардык чыгашалар

50 309 666,7

53 095 587,7

57 008 965,8

61 029 691,9

64 743 552,6

ИДПга карата % менен

9,0

8,8

8,5

8,6

8,6

анын ичинде:

   

 

 

 

Пенсиялык фонд

46 096 037,0

48 748 667,7

52 256 497,5

55 955 311,0

59 315 033,8

Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду

1 596 344,6

1 668 427,1

1 867 297,5

1 987 304,7

2 117 949,8

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

2 328 445,8

2 388 285,3

2 569 655,4

2 750 415,8

2 950 678,2

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду

288 839,3

290 207,6

315 515,4

336 660,4

359 890,8

Дефицит/профицит

704 083,8

1 466 830,3

962 055,5

274 630,2

354 647,3

ИДП

557 113 300,0

604 707 200,0

635 071 600,0

708 363 800,0

756 572 800,0

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджетинин божомолуна экономикалык классификациясы боюнча кирешелери

 (миң сом)

 

Аталышы

2018-жыл (факт)

2019-жыл           (бюджет)

2020-жыл       (долбоор)

2021-жыл          (божомол)

2022-жыл          (божомол)

1

Кирешелер

51 013 750,5

54 562 418,0

57 971 021,3

61 304 322,1

65 098 199,9

12

Социалдык камсыздоого жана социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр

30 657 377,6

33 148 794,3

35 907 041,2

38 205 303,0

40 932 423,1

1211

Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү

30 642 143,6

33 144 294,3

35 727 654,3

38 200 803,0

40 927 923,1

12111110

Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү

28 206 475,1

30 574 523,7

33 018 149,1

34 822 832,2

37 039 260,0

12111120

Полис боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)

485 414,1

540 143,5

473 187,8

1 017 566,1

1 394 477,3

12111130

Юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын камсыздандыруу төгүмдөрү

353 909,8

361 200,0

369 020,0

373 100,0

376 236,0

12111210

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү

1 593 278,9

1 661 976,2

1 861 651,0

1 978 967,8

2 106 940,0

12111220

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду боюнча полис боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү

3 065,7

6 450,9

5 646,5

8 336,9

11 009,8

1221

Социалдык фонддун башка кирешелери

15 234,0

4 500,0

179 386,9

4 500,0

4 500,0

12211100

Пенсия төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалар

0,0

500,0

500,0

500,0

500,0

12211200

Регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлгөн каражаттар

12 902,6

3 000,0

3 000,0

3 000,0

3 000,0

12211900

Социалдык фонддун башка кирешелери

2 331,4

1 000,0

175 886,9

1 000,0

1 000,0

13

Алынган расмий трансферттер

20 021 746,4

21 038 980,1

21 911 980,1

22 945 019,1

24 009 776,8

1333

Республикалык бюджеттен мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери менен алынган каражаттар

20 021 746,4

21 038 980,1

21 911 980,1

22 945 019,1

24 009 776,8

14

Салыктык эмес кирешелер

334 626,5

374 643,6

152 000,0

154 000,0

156 000,0

1411

Пайыздар

199 353,3

248 620,7

31 000,0

31 000,0

31 000,0

14111300

Убактылуу бош акча каражаттарын МБКга, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруу боюнча эсептелген пайыздар

118 315,2

166 620,7

0,0

0,0

0,0

14111400

Коммерцялык банктардын эсептериндеги Социалдык фонддун жана МТПФ акча каражаттарынын калдыгына эсептелген пайыздар

81 038,1

82 000,0

31 000,0

31 000,0

31 000,0

1412

Дивиденддер жана пайда

86 022,9

86 022,9

75 000,0

75 000,0

75 000,0

14121200

Социалдык фондго таандык болгон ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан алынган кирешелер

86 022,9

86 022,9

75 000,0

75 000,0

75 000,0

1431

Айыптар, санкциялар, конфискациялар

49 250,3

40 000,0

46 000,0

48 000,0

50 000,0

14321100

Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип же толук эмес которгондугу үчүн эсептелген туумдар жана айыптар

49 250,3

40 000,0

46 000,0

48 000,0

50 000,0

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

3-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети

жана 2021-2022-жылдарга бюджетинин божомолуна экономикалык классификациясы боюнча чыгашалары

                                                                                                                     (миң сом)

 

Аталышы

2018-жыл (факт)

2019-жыл           (бюджет)

2020-жыл       (долбоор)

1

Кирешелер

51 013 750,5

54 562 418,0

57 971 021,3

12

Социалдык камсыздоого жана социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр

30 657 377,6

33 148 794,3

35 907 041,2

13

Алынган расмий трансферттер

20 021 746,4

21 038 980,1

21 911 980,1

14

Салыктык эмес кирешелер

334 626,5

374 643,6

152 000,0

2

Чыгашалар

50 309 666,7

53 095 587,7

57 008 965,8

 

Жалпы операциялык чыгымдар

50 279 796,1

53 043 543,1

56 973 965,8

2111

Маяна

542 796,2

608 671,4

617 587,4

2121

Социалдык фондго төгүмдөр

92 336,6

104 995,8

106 533,8

2211

Кызматтык кыдырууларга чыгашалар

17 834,7

20 021,0

20 021,0

2212

Байланыш кызматын көрсөтүү

5 059,7

6 794,2

8 794,0

2213

Ижара акысы

2 025,3

2 105,0

3 745,9

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

10 295,4

11 594,0

11 594,0

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

34 522,3

30 585,5

39 000,0

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

3 986,6

5 100,0

5 100,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды алуу

13 067,9

14 557,3

15 000,0

2224

Көмүрдү сатып алуу жана отундун башка түрлөрүн алуу

1 621,6

2 464,8

2 000,0

2225

Күзөт кызматтарын сатып алуу

1 902,2

2 402,5

2 402,5

2226

Тындыруу боюнча банктардын кызматтарын төлөөгө чыгашалар

12 189,3

12 435,9

14 967,4

2227

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар

335 049,9

348 414,6

294 596,3

2231

Коммуналдык кызматтар

8 354,3

9 173,8

9 173,8

2621

Эл аралык уюмдарга учурдагы төгүмдөр

5 845,3

5 858,3

4 885,5

2631

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар

4 213 629,7

4 346 920,0