Опубликовано 16.08.2019

КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-июль айларында 15239 кайрылуу кабыл алды

КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-июль айларында 15239 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын январь - июль айларында Соцфонддун Call-борборуна  11971 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 3268 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

КР Соцфондунун Call-борборуна  кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.