Опубликовано 11.08.2019

КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Сиздерди Курман айт – мусулмандардын ыйык майрамы менен чын ниетимден куттуктайм.

Курман айт – бул элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырган майрам!

Бул ыйык Курман айт майрамында үмүт тилектериңиз ишке ашып жана алдыга койгон ой максаттарыңыз аткарылсын! Жараткан өлкөбүздү бөөдө кырсыктан сактап, жерибизге тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!

Айтыңыздар маарек болсун!

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                               М. Ирсалиев