Опубликовано 25.06.2019

Соцфонд 2019-ж. 1 июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинетин» ишке киргизүүдө.

Соцфонд 2019-ж. 1 июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинетин» ишке киргизүүдө.

2019-жылдын 25-июнунда, Бишкекте  КР ЖК депутаттарынын, КР Президентинин Аппаратынын, КРӨА, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ММКлардын катышуусунда «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» системасынын презентациясы болуп өттү.  

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду камсыздандырылган адамдарга анын ичинде пенсионерлерге өз ара аракеттешүүнүн дагы бир ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүү үчүн «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» системасын ишке киргизүүдө.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө келип жана маселелерин чечүү үчүн адистерге кезекке туруунун ордуна Өздүк кабинет системасында катталып, андан соң интернеттен Өздүк кабинет аркылуу керектүү маалыматтарды аралыктан суроого жана алууга болот. 

Өздүк кабинет аркылуу төмөнкү арыздарды берсе болот:

  • Өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмөгө,
  • Пенсия чектөөгө,
  • Пенсияны кайра эсептөөгө,
  • Пенсияны узартууга,
  • Төлөмдүн ордун жана ыкмасын өзгөртүүгө
  • Пенсия тууралуу маалымкат алууга
  • Башкаруучу компанияны же ТПФ каражаттарын төлөөнү алмаштырууга.

Төмөнкү маалыматтарды алса болот:

  • Чектелген пенсия тууралуу маалыматтарды

Төмөнкүлөрдү калтырса болот:

  • Каалаган маселе боюнча формалдуу эмес кайрылууну

Өздүк кабинетте катталуу үчүн:

  • КР Социалдык фондунун  жакынкы аймактык бөлүмүнө бир жолу келип арыз берсе болот
  • 2017-жылдагы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту болсо обочолоп (аралыктан) катталса болот.