Опубликовано 30.01.2019

Урматтуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр!

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Сиздерге төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Мамлекеттик социальдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү чаралары жөнүндө” 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 токтому кабыл алынган.

Токтомго ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып отчеттук мезгилдер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталган.

Жогоруда баяндалгандай, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча ар айлык эсептешүү ведомосттору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат жана иштетилет.

Электрондук отчетторду берүүдө колдонулган квалификацияланган электрондук кол тамганын жана корголгон орчундуу маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдүн (Rutoken ЭЦП 64 kb) мындан ары колдонулушу боюнча сатылып алынган баш ийүүчү ырастоочу борборлорго кайрылышыңыздар керек.