Опубликовано 29.01.2019

Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишим ратификацияланды

Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишим ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Аталган Келишимде эки өлкөнүн жарандары үчүн социалдык камсыздоо жаатында тең укуктарды түзүү каралган.

Келишимге жана Келишимди ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашууга ылайык эки өлкөнүн жарандары үчүн пенсиялык укуктарды жана милдеттенмелерди түзүүдө бирдей шарттар түзүлөт.

Келишим менен өлкөлөрдүн биринде дайындалган пенсиялар адамдарга алардын экинчи өлкөнүн аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөнө тургандыгы каралууда.

Пенсияга укугун аныктоо үчүн ар бир Тарап анын мыйзамдарына ылайык ээ болгон стажын эсепке ала тургандыгы каралган, эгерде Тараптардын биринин мыйзамдары боюнча ээ болгон камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, анда эки Тараптын мамлекеттеринин мыйзамдары боюнча түзүлгөн камсыздандыруу стажын кошуу каралууда. 

Келишимге ылайык ар бир Тарап иштегендерге өз мамлекетинин аймагында иштеген мезгил үчүн пенсиянын бөлүгүн төлөп берет. 

Келишим менен эмгектик мертинүү жана кесиптик оорулар боюнча төлөмдөр, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар, сөөк коюуга жөлөкпулдар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык төлөнө тургандыгы каралууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.