Опубликовано 27.12.2018

КР Соцфондунун төрагасы Медер Ирсалиевдин Жаңы 2019-жылга болгон куттуктоосу

КР Соцфондунун  төрагасы Медер Ирсалиевдин Жаңы 2019-жылга болгон куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

төрагасы Медер Ирсалиевдин Жаңы 2019-жылга болгон куттуктоосу.

Урматтуу кыргызстандыктар жана кеситештер!

 

Өмүрдүн жаңы барагын ачып, дүйнө элин жакшылык менен аруу тилектерге үмүткер кылган жаңы 2019-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жаңы жыл жалпы элибизге жакшылыкты, барчылыкты жаңы-жаңы жетишкендиктерди алып келген ырыс жылоологон жалдардан болсун.

Ата-мекенибиз башынан кечирип жаткан татаалдыктарды жеңүүдө, социалдык реформаларды өнүктүрүүдө жана элдин бакубатчылыгын арттырууда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кошкон салымы да алгылыктуу десем жаңылышпайм.

Бир катар кыйынчылыктарга карабастан Өкмөт тарабынан коюлган милдеттерди мыкты аткарып, бул жылды да жакшы жетишкендиктер менен аяктап жатабыз!

Анда эмесе, Жаңы жыл босогосунда туруп фондубуздун туруктуулугуна жана анын келечек тагдырына ак жол каалайм.

Орошон ой максаттарыбыз жана жаркын үмүт тилектерибиз ишке ашып, ишибиз ийгиликтер менен коштолуп илгерилей берсин.

Жаңы жылда баарыңыздарга бекем ден-соолук, арыбас мээнет, бакубат турмуш, жана адам баласы ырыс туткан бардык жакшылыктарды каалайм.

 

Жаңы жылыңыздар менен!

 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                М. Ирсалиев