Опубликовано 15.11.2018

КР Соцфонду 2018-ж. 10-ай ичинде 23408 кайрылууну кабыл алды.

КР Соцфонду 2018-ж. 10-ай ичинде 23408 кайрылууну кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.      

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна 12096 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн-режиминде 11312 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна  кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.