Опубликовано 11.07.2024
Соцфондго 2024-жылдын январь-июнь айларында 11847 кайрылуулар келип түшкөн
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-июнь айларында 11847 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:
- жазуу түрүндө кайрылуулар – 255;
- ооз эки кайрылуулар – 668;
- КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 79 жаран;
- ишеним телефондор аркылуу – 2375;
- уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1675;
- Call-центр СФ КР – 6795.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:
- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
- пенсияларды индексациялоо тууралуу;
- пенсияга укугу боюнча;
- пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
- пенсиянын өлчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
- КР СФ ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.