Опубликовано 10.08.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУ БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУ  БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУ

БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛӨӨГӨ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Төмөнкү кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

 

СФ Ысык-Көл райондук башкармалыгынын башкы адиси-юристи – 1 бош орун;

СФ Бакай-Ата райондук башкармалыгынын жекече эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бош орун.

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын;

2) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди жана расмий тилди зарыл болгон көлөмдө;

3) жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

4) документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону;

5) жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдай билүүнү;

6) өз ишин натыйжалуу пландаштырууну;

Көндүмдөрү:

7) ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

8) башкаруучу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

9) маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

10) натыйжалуу мамилелерди куруу, иштиктүү этикет ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

 

  1. 1) компьютердик жана иш техникасын, керектүү программалык продуктуларды билүү;

12) белгилүү бир кызматтын функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен башка талаптар.

 

  1. РЕГИОНДУК ОРГАНДАР

СФ Ысык-Көл райондук башкармалыгынын башкы адиси –юрист - 1 бош орун;

Кесиптик билим деңгээли:

1) билими - кызматтын функционалдык багыттарына ылайык келген жогорку кесиптик билим.

Иш стажы:

2) Социалдык фонддо 2 жылдан кем эмес иш стажы же мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын башкы, улук кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы; же адистиги боюнча 4 жылдан кем эмес иш стажы.

 

 

СФ Бакай-Ата райондук башкармалыгынын жекече эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бош орун;

Кесиптик билим деңгээли:

1) билими - кызматтын функционалдык багыттарына ылайык келген жогорку кесиптик билим.

Иш стажы:

  • Социалдык фонддо 1 жылдан кем эмес иш стажы же мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын башкы, улук кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы; же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ

ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ КЕРЕК:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурска катышууга жеке арыз;

- сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракчасы;

- байланыш телефондору менен таржымал (резюме);

- сунуштамасы болсо (жакшы болот);

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен);

- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген);

- эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын ыйгарылышы тууралуу документтин нотариалдык же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырууга жаткан адамдар үчүн), түп нускалары документтерди тапшырууда талапкер тарабынан жеке берилет.

 

Бош кызмат ордуна конкурстун шарттары жана компьютердик тесттин суроолорунун тизмеги менен www.socfond.kg сайтынын «Вакансиялар» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер                      2022-жылдын 25-августуна чейин төмөнкү даректердин бирине берилиши керек:

 

  1. Бишкек ш., Радищев көчөсү, 62 (Борбордук аппарат), (0312) 54-79-74, 57-65-21 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот;
  2. Бакай-Ата айылы, Манас көч. 103, тел.: 03422 3-21-80;
  3. Чолпон-Ата ш., Совет көч. 38 тел.: 03943 6-23-25.

 

Конкурска катышууга жол берилген талапкерлер берилген документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссияга чакырылат.

 

Жарандардын берилген документтери жана маалыматтары, белгиленген талаптарга жооп бербеген болсо, конкурска катышууга жол берилбейт.