Опубликовано 20.07.2022

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер.

Социалдык фонд 2022-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-15,2% жылдык кирешелүүлүгү менен 2 978 182,9 миң сом инвестициялаган. МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 2 060 000 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.

Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы  5 038 182,9 миң сом инвестицияланган.

Отчеттук мезгилде 603 312,7 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 1 570 000,0 миң сом суммасында депозиттер кайтарылган.

2022-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 352 878,0 миң сом;

- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 269 235,4 миң сом;

- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 3 471,6 миң сом.

Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 625 585,0 миң сом киреше алынган.