Опубликовано 14.07.2022

“Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” - деген темада лекция-сабак өткөрүлдү.

“Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” - деген темада лекция-сабак өткөрүлдү.

“Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” - деген темада лекция-сабак өткөрүлдү.

2022-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында  жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык  Социалдык фонддо мамлекеттик тилдин мыйзамдык базасын чыңдоо, тилди өнүктүрүү, колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында Социалдык фонддун борбордук аппаратынын кызматкерлерине маалыматты топтоо жана контролдоо бөлүмүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан даярдалган Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” - деген темада лекция-сабак өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө кыргыз тилиндеги практика жүзүндө колдонулуп келген сөздөрдүн, үндүү жана үнсүз тыбыштардын, татаал сөздөр,  анын ичинен энчилүү аттардын туура жазылышына  басым жасалды.

Мамлекеттик тилди кеӊири маанисинде алып караганда улуттун иденттүүлүгүн аныктаган фактор катары эсептейбиз. Мамлекеттик тилде туура жазуу жана аны турмуштун бардык чөйрөсүндө туура колдоно билүү ар бир жарандардын милдети экендиги талашсыз.