Опубликовано 12.07.2022
Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.
Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.
1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт;
- качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат.
2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;
3) Эмгек китепчеси
4) 1996-жылдын 1-январына чейин пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамдын каалоосу боюнча каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы тууралуу маалымкат;
5) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу - окугандыгы же аскер кызматын өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо кесиптик, атайын орто окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу бөлүмү кабыл алынат), аскер билети, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот, никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет;