Опубликовано 8.07.2022

Курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.

Курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.

Курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси.

Курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн пенсия чектөөдө төмөнкү иш кагаздар талап кылынат:

1) - паспорт

- качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга - качкын күбөлүгү;

- жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство).

2) эмгек китепчеси;

3) 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат.

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу - окугандыгы же аскер кызматын өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо кесиптик, атайын орто окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом,  аскер билети, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот.  

Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болгон же болбосо тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер кызматны өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.