Опубликовано 17.03.2017

Башкаруу компанияларын тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгы

Башкаруу компанияларын тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгы

Башкаруу компанияларын тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтому менен бекитилген пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруу компанияларын тандоо конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруу компанияларын тандоо сынагынын жыйынтыгы жөнүндө билдирет.  

         Конкурска катышууга төмөнкү төрт башкаруу компаниялары өткөрүлгөн: ОсОО «BNC FINANCE», ОсОО «Asko & Co», ЗАО «Заман»,     ЗАО «ФНТ Ассет Менеджмент».

         Конкурстук табыштамаларды кароодо ОсОО «BNC FINANCE», ОсОО «Asko & Co», ЗАО «Заман» компаниялары сынактан четтетилди, ал эми   ЗАО «ФНТ Ассет Менеджмент» компаниясы сынактын жеңүүчүсү деп таанылды.

          Мыйзамга ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө сынактын катышуучуларына жана анын кызмат адамдарына коюлган талаптарга жооп берет деп табылган бардык башкаруучу компанияларга уруксат берилет.

         Конкурстун жол-жоболорунун жыйынтыктары жарыяланып басылып чыккандан кийин 10 күндүн ичинде конкурстун жол-жоболоруна катышуучулар конкурстук комиссиянын чечимине карата конкурстун уюштуруучусуна даттанууга укуктуу.