Опубликовано 21.04.2022

Окуу борборунун демейки күндөрү

Окуу борборунун демейки күндөрү

Окуу борборунун демейки күндөрү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси тарабынан пенсия менен камсыздоо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында «Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө» маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

2022-жылдын март-апрель айларында Бишкек шаарында жайгашкан КРнын БШКнин, №6 Автордук-Окуу тарбиялоо комплексинин, «РСК-Банк» ААКнын, А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук иновациялык технологиялар мектеп-лицейи, БААУ, №48 мектеп-гимназиясынын, КРнын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика көзөмөл кызматынын, «Фокус Групп» ЖЧКсынын, №67 орто мектебинин, К.Скрябин атындагы КУАУ, №13 Үй-бүлөлүк борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районундагы муниципалдык башкармалыгынын, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университетинин, №47 орто мектебинин, №5-6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамааттары, профессордук-окутуучулар түзүмү жана студенттери үчүн лекциялар өткөрүлдү.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча лекцияларга 1049 кызматкерлер катышышты.

Бул окуулардын жүрүшүндө Окуу борборунун кызматкерлери катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берип, атайын чыгарылган буклеттер да таркатылды.

Ошондой эле Окуу борборунун кызматкерлери Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык колледжи тарабынан уюштурулган. И.Арабаева «Заманбап рыноктун шартында кадрларды даярдоо боюнча ишканалар менен колледждин кызматташуусунун келечеги» деген темадагы конференцияга катышылды.

Мындай иш-чаралар жыл сайын мурда түзүлгөн график боюнча уюштурулуп турат.