Опубликовано 24.09.2021

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата сыйлык!

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата сыйлык!

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата сыйлык! 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кереге кеңеш өткөрдү. Кереге кеңеште социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы ишмердигин калктын калың катмарына мамлекеттик тилде маалымдоо иштерине активдүү катышкандыгы үчүн Социалдык фонддун Коомчулук жана ЖМК менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Мукамбетов Жеңишбек Уркалыевич Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.