Опубликовано 24.09.2021

Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо жөнүндө маалымат.

Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо жөнүндө маалымат.

Мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоо жөнүндө маалымат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругун ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү жүргүзүү зарыл:

1) укук тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк, зарылдык, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, предметти жөнгө салуунун жетиштүүлүгү, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүүсүнө инвентаризация жүргүзүү, анын жыйынтыгы боюнча аныкталган шайкеш келбөөчүлүктөрдү жоюу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарынын чектелишине жол бербөөгө багытталган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү;

2) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишинин регламентин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү критерийлерин (мындан ары - критерийлер) бекитүү;

3) мыйзамдардын критерийлерге ылайык келүүсүнө баалоо жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй шарттарды кароочу мыйзамдардын үч тизмегин даярдоо жана жактыруу:

- критерийлерге ылайык келген жана кайра кароону талап кылбаган;

- критерийлерге ылайык келүүсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган;

- критерийлерге ылайык келбеген жана күчүн жоготту деп таануу жолу менен колдонууну токтотууга сунушталган;

4) 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзамдардын жактырылган тизмегин киргизүү;

5) 2021-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна белгиленген тартипте киргизүү:

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө»;

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;

6) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин камсыздоо жана аны кеңири чагылдыруу боюнча чараларды көрүү.

Жогоруда аталган иш-чараларды аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан инвентаризацияга тийиш ченемдик укуктук актылардын тизмеги түзүлгөн. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө нвентаризацияга төмөнкүлөр жатат:

  1. 1996-жылдын 17-июнундагы № 20 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. 1997-жылдын 21-июлундагы № 57 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. 1998-жылдын 22-декабрындагы № 154 «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. 2004-жылдын 2-августундагы № 103 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Азыркы учурда, жогоруда аталган иш-чараларды аткаруунун алкагында саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү 2-топчо жумушчу тобу тарабынан белгиленген критерийлерге мыйзамдардын шайкеш келишине баалоо жүргүзүлдү жана бул иштин жыйынтыгы боюнча  мыйзамдардын тизмеги түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизилди.