Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 КР Социалдык фондунун башкармасынын мүчөсү,

КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары

Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары

Туулган датасы  1970-ж. 9-январь

Курагы 51 жаш

Туулган жери Ош облусу, Өзгөн району

Улуту кыргыз

Билген тилдери кыргыз, орус

Эмгек ишмердиги

1993-1995 - “Саркент” ЛТД ЖЧК, башкы бухгалтер.

1995-1995 -«Z&M» ЖЧК, башкы бухгалтер.

1995-1997 - КР Финансы министрлиги, Макроэкономика, финансылык-кредиттик саясат бөлүмүнүн башкы адиси.

1997 - КР Финансы министрлиги, Ички аудит бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

1997-1998 - КР Финансы министрлиги, Ички аудит башкармалыгынын Казына системасына аудит бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

1998-2002 - КР Финансы министрлиги, Ички аудит башкармалыгынын бюджеттик мекемелерге жана ведомстволук уюмдарга аудит жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы.

2002-2003 - КР Социалдык фонду, Ички аудит башкармалыгынын башчысы.

2003-2009 - КР Социалдык фонду, Киреше башкармалыгынын башчысы.

2009-ж. 9-декабрда КР Президенти К.Бакиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

2011-ж. мартта КР премьер-министри А.Атамбаевдин буйругу менен КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

2013-ж. январда КР премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2016-ж.  1-июлунан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

2018-ж. 22-майда КР премьер-министри М.Абылгазиевдин буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

2019-ж. июлда - КР премьер-министри М.Абылгазиевдин буйругу менен КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызмат ордунан бошотулган.

2021-ж. 12-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Билими

1987-1993 – Кыргыз мамлекеттик университети, эсептик-экономикалык факультети, адистиги: Чарба ишин бухгалтердик эсепке алуу, контролдоо жана талдоо.

Үй-бүлөсү

Үйлөнгөн. Уч баласы бар: эки уулу жана бир кызы.

Кошумча маалымат

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

 

Сыйлыктары:
 

КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.

«КР Социалдык фондунун отличниги» төш белгиси.

«Финансы-экономикалык иштин отличниги» төш белгиси.

«Салык кызматынын отличниги» төш белгиси.