Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү

1. Пенсия камсыздандырылган адам пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат, бирок ал камсыздандырылган адамдын пенсияга чыгуу укугу пайда болгон күндөн мурда болушу мүмкүн эмес.

1-1. Камсыздандырылган адам пенсия курагына жеткенге чейин 6 ай мурда Социалдык фонддун аймактык органдарынын кароосуна курагы боюнча, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө укуктуу.

2. Камсыздандырылган адам пенсия алам деп кайрылган күн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдын пенсия дайындоого арызды керек болуучу бардык документтер менен кабыл алган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана керек болуучу бардык документтер тиркелсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп ал арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.

3. Эгерде берилген документтерде жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече (индивидуалдык) эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоого керек болгон маалыматтар жок болсо, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган кайрылган камсыздандырылган адамга анын кандай документтерди кошумча бериши керектигин түшүндүрөт. Эгерде мындай документтер тиешелүү түшүнүк алынган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп пенсия дайындоо жөнүндө арыз кабыл алынган күн же ушул арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.

Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоого керек болгон документтерди алууда жана жол-жоболоштурууда консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Пенсия алам деп кайрылган камсыздандырылган адамга ушул статьянын 2-пунктунда аныкталган күндөн мурдараак пенсиялар төмөндөгүдөй дайындалат:

а) майыптыгы боюнча пенсия - камсыздандырылган адам майып деп табылган күндөн тартып, эгерде пенсия алам деп ошол күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен кайрылса, ал эми бул мөөнөттү өткөрүп жибергенде - пенсия алам деп кайрылган күндөн үч ай мурун;

б) багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу - баккан адамы өлгөн күндөн тартып, эгерде ал адам өлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кайрылса дайындалат, ал эми бул мөөнөт өтүп кеткенде - пенсия алам деп кайрылган күндөн алты ай мурда.

5. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндөгү арыз ал кабыл алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же ушул статьянын 3-пунктуна ылайык кошумча документтер берилген күндөн тартып каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен бул тууралу арыздануучуга кабарлайт, анда баш тартуунун себептери жана ал боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.

Последние новости

Нооруз майрамыңыздар менен!
Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу Кыргызстандыктар!   Баардыгыңыздарды – Нооруз майрамы менен...

8-март майрамыңыздар менен!
8-март майрамыңыздар менен!

  Урматуу айымдар !   Сиздерди 8-март Аялдардын эл аралык майрамы...

2020-ж. январь-февраль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 7 млрд 895,2 млн сом каржыланды.
2020-ж. январь-февраль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 7 млрд 895,2 млн сом каржыланды.

- Бишкек ш.  — 1 млрд 292,4 млн сом - Чуй обл. — 1 млрд 229,5млн сом...

"Ак калпак" майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
"Ак калпак" майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

"Ак калпак" майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь-февраль айларында 8137 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь-февраль айларында 8137 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...

Бишкекте КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.
Бишкекте КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Бишкекте (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, дареги: Бишкек ш.,...

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети.
Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети.

2019-жылдын 1-июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын ɵздүк кабинети» иштеп...

Пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай эрте алса болот.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай эрте алса болот.

2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына 2 % өлчөмүндө...

Бишкекте 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү
Бишкекте 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2020-жылдын 20-февралында “City...

Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү
Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү

1. Пенсия камсыздандырылган адам пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат, бирок ал...

Кыргызстандын Соцфонду менен Өзбекстандын пенсиялык фондунун эксперттери Бишкекте жолугушту
Кыргызстандын Соцфонду менен Өзбекстандын пенсиялык фондунун эксперттери Бишкекте жолугушту

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Өзбекстан Республикасынын Каржы министрлигинин...

2020-ж. январ айына пенсия жана жөлөкпулга 3 млрд 931 млн сом каржыланды
2020-ж. январ айына пенсия жана жөлөкпулга 3 млрд 931 млн сом каржыланды

- Бишкек ш.  — 635,7 млн  сом - Чуй обл. — 609,1 млн сом -...

М. Ирсалиев КР бизнес-Акыйкатчысы Р. Орд-Смитт менен жолугушту
М. Ирсалиев КР бизнес-Акыйкатчысы Р. Орд-Смитт менен жолугушту

2020-жылдын 4 январында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев...

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь айында 3994 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь айында 3994 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети...

Кыргызстан менен Корея ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Меморандум
Кыргызстан менен Корея ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Меморандум

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык...

Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди
Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык...

КР Соцфондунун Call-борбору 2019-ж. 24024 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Call-борбору 2019-ж. 24024 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...