Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби

Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык пенсиялардын төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленет:

а) курагы боюнча;

б) майыптыгы боюнча;

в) баккан адамынан айрылгандыгы боюнча.

Эгерде Сиз бир нече негиздер боюнча пенсия алууга укуктуу болсоңуз, анда сиз пенсиянын бир гана түрүн дайындоону тандашыңыз керек.

N 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар камсыздандырылган адамдар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жеңилдик берүүчү стажынын көпчүлүк бөлүгү иштелген жердеги ишкананын администрациясына кайрылат.

Сиздин пенсияга укугуңуз пайда болгондон кийин каалаган учурда кандайдыр бир мөөнөт чектелбестен пенсия дайындоо үчүн кайрыла аласыз.

Камсыздандырылган адамдын пенсия дайындоо үчүн кайрылган күнү катары бардык зарыл болгон документтер менен бирге пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоочу орган тарабынан кабыл алынган күн эсептелет.

2019-жылдын 1-январынан тартып пенсия дайындоонун тартибин өзгөртүүнү жана жарандар үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо тартибин жеңилдетүүнү караган «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. мунун натыйжасында арыз берүүчүдөн талап кылынган документтердин саны бир топ кыскарат.

Жарандар пенсия курагына жеткенге чейин 6 ай мурда Социалдык фонддун аймактык органдарынын кароосуна курагы боюнча, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө укуктуу.

Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн арыз ээси негизги документерди берет: паспортун, эмгек китепчесин жана 1996-ж. чейинки эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды.

Камсыздандыруу стажы тууралуу башка документтер болсо, арыз берүүчү ошондой эле орто атайын же жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу дипломду, аскердик билетти, ал эми аялдар үчүн - балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тапшыра алат.

Эгерде арыз берүүчүнүн көрсөтүлгөн документтери жок болсо же аларды бере албаса, анда ал арызында окуу же аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн, мекеменин аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүш керек.

Иштин башка мезгилдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү ырастоо, ошондой эле эмгек китепчесиндеги жазууларда так эместиктер болгон учурда тактоочу маалыматтарды суроо боюнча калган милдеттер Социалдык фондго жана анын региондук органдарына жүктөлөт.

Эмгек китепчесиндеги жазуулардын так эместигине төмөнкүлөр кирет:

- эмгек китепчесинде жана паспортунда фамилиясынын, атынын, атасынын атынын (эгерде мындайлар болсо) жазылышындагы жана туулган датасындагы айырмачылыктар;

- эмгек китепчесинде жумуш берүүчүнүн мөөрүнүн (штампынын) жана жооптуу адамдын кол тамгасынын, кабыл алынган жана иштен бошотулган датанын жоктугу;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда жумуш берүүчү уюмдун аталышынын жана аны күбөлөндүрүүчү мөөрдүн (штамптын) бири-бирине дал келбеши;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда арыздануучу ээлеген кызмат ордунун аталышынын жоктугу.

Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки (1996-ж.1-январына чейинки) эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери жөнүндө жазуулар жок болгондо, камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн камсыздандырылган адамдан архивдик маалымкаттар же камсыздандыруучулардан же компетенттүү органдардан камсыздандыруу стажын тастыктоочу документтер кабыл алынат.

Эгерде эмгек ишмердиги эмгек келишиминин, контракттын же жумуш берүүчү менен башка макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылган учурда, камсыздандыруу стажына, камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шарттарда, мындай ишмердүүлүктүн бүтүндөй мезгили эсептелинет.

Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин, жеке камсыздандыруу эсебинде эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери тууралуу маалыматтар жок болгон учурда, Социалдык фонд жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөнү тууралуу маалыматтарды суратып алат, андан кийин аны жеке камсыздандыруу эсебине киргизет.

Мындан тышкары, калкка көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын жетимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек жана Ош шаарларынын Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) базасында төмөнкүдөй кызматтары көрсөтүлүүдө:

- пенсия чектөө боюнча;

- пенсияны кайра эсептөө боюнча;

- пенсияны төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча;

- пенсияны төлөө каналын алмаштыруу боюнча;

- сөөк коюу боюнча жөлөк пулду алуу боюнча;

- пенсионерлерге пенсиялык күбөлүк жана пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат берүү боюнча;

- камсыздандырылган адамдардын жеке бет эсебинин көчүрмөсүн берүү боюнча.

Жогоруда көрсөтүлгөн калкты тейлөө борборлоруна жогоруда аталган кызматтарды алуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын жарандары гана кайрылбастан, республиканын башка региондорунан келген жана Бишкек жана Ош шаарларында убактылуу жашап жаткан адамдар да кайрыла алышат. 

Камсыздандырылган жарандар пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча кызматтарды алуу үчүн Социалдык фонддун веб-сайтындагы электрондук өздүк кабинет аркылуу дагы кайрыла алышат.

 

 

Последние новости

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...

Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...

2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...

2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу
Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана...

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен...

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.

2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн...

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда
Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын...

Кыргызстан - Молдова. Кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды
Кыргызстан - Молдова. Кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды

2024-жылдын 26-28-мартында Бишкек шаарында, 2008-жылдын 23-июлундагы «Кыргыз...

Социалдык фонддун өкүлдөрү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту
Социалдык фонддун өкүлдөрү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен...

Социалдык фонд мигранттарды татыктуу пенсия менен камсыздоого кам көрүүдө
Социалдык фонд мигранттарды татыктуу пенсия менен камсыздоого кам көрүүдө

2024-жылдын 25-26-мартында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу...

Келечек ээлери жана аларды окуткан мугалимдер пенсиялык система тууралуу лекцияларга активдүү катышып жатышат
Келечек ээлери жана аларды окуткан мугалимдер пенсиялык система тууралуу лекцияларга активдүү катышып жатышат

Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университеттин химия, биология, физика жана география...