Жарыяланган 10.09.2021

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу.

Социалдык фонддун Окуу борбору мекемеси калк арасында пенсиялык, социалдык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келет.

Ушул жылдын 7-8-сентябрында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аппаратынын, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аппаратынын кызматкерлерине окутуулар өткөрүлдү.

Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жер-жерлерде өткөрүлгөн лекцияларга, жогоруда аты аталган мекемелердин 100 кызматкер катышты.

Окутуулардын жүрүшүндө, угуучулар Окуу борбору мекемесинин кызматкерлерине сууроолор менен кайрылып, так жоопторду алышты жана угуучуларга атайын чыгарылган түшундүрмө материалдар таратылып берилди.

Мындай иш-чаралар алдын-ала иш мерчемдеринин алкагында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.