Жарыяланган 20.03.2021

Нооруз майрамыңыздар менен!

Нооруз майрамыңыздар менен!

Социалдык фонддун жетекчилиги Социалдык фонддун эмгек жамаатын, жалпы кыргызстандыктарды 21-март Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Нооруздун келиши менен жер эне жаңыланып, жаратылыш жанданат. Элибиз Ноорузду байыртан бери жакшы маанайда, жакшы тилектер менен тосуп келишкен. Жаман көз, жаман сөздөн алыс болуп, жалаң жакшылыктарга, ырыскы-кутка толгон жылдардан болсун деген аруу тилектерин айтышкан. Күн менен түн теңелген ушул күн, ар бириңиздердин үйүңүздөрдө аманчылык, жакшылык, бейкутчулук, бакубат жашоо алып келсин! Жамандыктын баары эски жыл менен кетип, жаңырган жыл жаңы башталыштардын, токчулуктун, молчулуктун, ынтымактын жылы болушуна тилектешпиз!