Жарыяланган 26.02.2021

Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби

Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби

Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби

Пенсионерлер төмөндөгү учурларда пенсияны кайра эсептөө үчүн арыз беришет:  

- пенсияны индексациялоо же өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актылары кабыл алынганда;

- майыптуулугунун тобу өзгөргөндө;

- пенсионер 80 жаш куракка толгондо;

- баккан адамдардын бири 16 жаш куракка (окуучулар - окутуунун күндүзгү формасы боюнча билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги мамлекеттик билим берүү уюмдарында - 23 жаш куракка) толгон учурда;

- пенсия дайындалгандан же ЖЭ2ни акыркы кайра эсептөөдөн кийинки мезгил үчүн жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынан эсептелген ЖЭ2 пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөдө.

- пенсияга чыкканга чейинки камсыздандыруу стажы жөнүндө кошумча маалыматтар берилгенде;

-  пенсия эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнө карата эсептелген учурда жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек акы жөнүндө маалыматтар берилгенде жана берилбей калган мезгил үчүн эмгек акы жөнүндө маалыматтар тапшырылганда;

Мыйзамдын 13-статьясында каралган үстөктөрдү эсептөөгө укук берген документтер берилгенде;

- багуудагы адамдардын саны өзгөргөндө (баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалган учурда);

- жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек акынын башка өлчөмү жөнүндө маалыматтар берилгенде, мында ушул кайра эсептөө пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт.

- Эгерде эмгек акы боюнча пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) кайра эсептөөдөн кийин пенсиянын өлчөмү азайып калса, анда пенсиянын мурдагы өлчөмү сакталат.

Пенсионерлер кары-картаңдар же майыптар үйлөрүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурда пенсионерлер же мекемелердин администрациясы пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызды зарыл документтер менен бирге пенсионердин пенсиялык иши жайгашкан жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө берет. Пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызга пенсияны кайра эсептөө үчүн укукту ырастаган документтер тиркелүүгө тийиш. Жазуу жүзүндө арызды талап кылбастан пенсиянын белгиленген өлчөмүн кайра эсептөө төмөндөгү учурларда жүргүзүлөт: