Жарыяланган 25.02.2021

Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү

Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү

1. Пенсия камсыздандырылган адам пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат, бирок ал камсыздандырылган адамдын пенсияга чыгуу укугу пайда болгон күндөн мурда болушу мүмкүн эмес.

1-1. Камсыздандырылган адам пенсия курагына жеткенге чейин 6 ай мурда Социалдык фонддун аймактык органдарынын кароосуна курагы боюнча, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө укуктуу.

2. Камсыздандырылган адам пенсия алам деп кайрылган күн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдын пенсия дайындоого арызды керек болуучу бардык документтер менен кабыл алган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана керек болуучу бардык документтер тиркелсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп ал арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.

3. Эгерде берилген документтерде жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече (индивидуалдык) эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоого керек болгон маалыматтар жок болсо, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган кайрылган камсыздандырылган адамга анын кандай документтерди кошумча бериши керектигин түшүндүрөт. Эгерде мындай документтер тиешелүү түшүнүк алынган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп пенсия дайындоо жөнүндө арыз кабыл алынган күн же ушул арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.

Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоого керек болгон документтерди алууда жана жол-жоболоштурууда консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Пенсия алам деп кайрылган камсыздандырылган адамга ушул статьянын 2-пунктунда аныкталган күндөн мурдараак пенсиялар төмөндөгүдөй дайындалат:

а) майыптыгы боюнча пенсия - камсыздандырылган адам майып деп табылган күндөн тартып, эгерде пенсия алам деп ошол күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен кайрылса, ал эми бул мөөнөттү өткөрүп жибергенде - пенсия алам деп кайрылган күндөн үч ай мурун;

б) багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу - баккан адамы өлгөн күндөн тартып, эгерде ал адам өлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кайрылса дайындалат, ал эми бул мөөнөт өтүп кеткенде - пенсия алам деп кайрылган күндөн алты ай мурда.

5. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндөгү арыз ал кабыл алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же ушул статьянын 3-пунктуна ылайык кошумча документтер берилген күндөн тартып каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен бул тууралу арыздануучуга кабарлайт, анда баш тартуунун себептери жана ал боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.

6. Пенсионерге белгиленген үлгүдөгү пенсиялык күбөлүк берилет.