Жарыяланган 28.01.2021

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Долбоор

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн токтому

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын

 Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

         1. «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун  төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын

биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу                                                       А.Э.Новиков

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды

 инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) 4-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы «мыйзамдарында» деген сөздү «Өкмөтү менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

            2) 5-берененин 2-бөлүгүнүн 11-пунктундагы «мыйзамдарына ылайык» деген сөздөр «Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

            3) 6-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктундагы «мыйзамдарына ылайык» деген сөздөр «Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

            4) 19-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

          «7) аффинаждалган алтынга.».

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдетин аткаруучу                                        Т.Т. Мамытов        

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ  

  1. Максат жана милдет

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору пенсиялык топтоо каражаттарын  инвестициялоодо өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү максатында иштелип чыкты.  

Инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү киргизилип жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун милдети болуп эсептелет.

2. Баяндоочу бөлүк   

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жүзөгө ашырат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесине ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына (МБК), кыргыз эмитенттеринин облигацияларына, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына, чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарын жайгаштырган индекстик инвестициялык фонддордун пайларына (акцияларына, үлүштөрүнө), башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигацияларына жана акцияларына, ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга, кредиттик уюмдардын депозиттерине жайгаштыруу каралган.

Азыркы учурда Социалдык фонд консервативдик инвестициялык саясат жүргүзүүдө, анткени камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарынын сактыгын камсыздоонун маанилүүлүгү алардын кирешелүүлүгүнөн жогору турат. Ал эми жайгаштырылган пенсиялык активдердин бир кыйла үлүшүн МБК жана коммерциялык банктардагы депозиттер сыяктуу салттуу финансылык инструменттер ээлейт. Өз кезегинде пенсиялык системанын акырындык менен өнүгүшү чендердин туруктуу кирешелүүлүк инструменттерине төмөндөп кетүү тобокелдигине алып келет. Ушуга байланыштуу пенсиялык топтоо каражаттарын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтоолорду аффинаждалган алтын сыяктуу жаңы финансылык инструменттерге инвестициялоо үчүн активдердин тизмегин кеңейтүүнү сунуштайт, анткени инвестиция булагы катары пенсиялык топтоолор узак мөөнөтүү болгондуктан, аларды аффинаждалган алтын сыяктуу активдерге жайгаштыруу максатка ылайыктуу болот.

Алтындын өзүнүн бөтөнчө касиеттеринен жана акча катары узак тарыхынан улам инвестициялык жана резервдик актив катары бекемдиктин чоң запасына ээ. Ошондуктан бардык баалуу металлдар үчүн жалпы жонунан акча салуунун жогорку ишенимдүүлүгү мүнөздүү. Акыркы он жылда жалпысынан алтынга болгон баа жогорулады. Бул белгилүү бир деңгээлде улуттук валюталардан жана баалуу кагаздардан айырмаланып алтындын запасы чектелгендиги жана жаңы кендерден алтын казып алуу жогорку чыгымдарды талап кылгандыгы менен шартталган.

Кыргыз Республикасы акыркы өнүм-аффинаждалган алтынды өндүрүүчү өлкө болуп саналаарын, анын негизги өндүрүүчүсү «Кыргызалтын» ААК экендигин эске алып, бул активге инвестициялоодо сунуш тартыштыгы болбойт.

Геологиялык кызматтын маалыматтарына ылайык Кыргызстанда 2500 миңге жакын алтын кени бар, алардын 46 ири алтын кендер. Алтындын запасынын жалпы көлөмү 666 тонна деп бааланууда. Эң ири кендер болуп Кумтөр (300 тоннадан ашык алтындын запасы), Жерүй жана Талды-Булак-Сол жээк (70 тоннадан ашык), Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Үңкүр-Таш (30дан 70 тоннага чейин) саналат. Мисалы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасы былтыр 18,7 тонна алтынды 832,9 млн АКШ долларына, 2018-жылы 664,2 млн. АКШ доллар суммасындагы 16,6 тонна баалуу металлды экспорттогон.

Алтынга узак мөөнөттүү инвестициялар активди сатып алгандан кийин кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү перспективада баалардын өзгөрүшүн болтурбоого шарт түзөт жана рынокто тиешелүү пайдалуу шарттарды түзүүдө кирешелүүлүктүн зарыл болгон деңгээлин камсыздоо менен активдерди сатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Алтынга жайгаштыруу пенсиялык система үчүн беделдик мааниге ээ жана системага болгон ишенимдин деңгээлин жогорулатат.

Акыркы 20 жылда алтынга болгон баа 658 пайызга өстү, эгерде 2000-жылдарда алтындын баасы орточо 279 АКШ долларын түзсө, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч троя унциясы үчүн 1836 АКШ долларына жеткен, ошону менен бирге ал бир валютага сатып алынарын жана башка валютага сатууга болорун, бул  сатуу учурунда сатып алуу валютасынын баасынын түшүп кетишинин эсебинен жоготууларга жол бербөөгө мүмкүндүк түзөрүн белгилей кетүү керек. Башкача айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында алтынга пенсиялык топтоо каражаттарын сом менен жайгаштырууда узак мөөнөттүү салымдар менен байланышкан бардык валюталык тобокелдиктер автоматтык түрдө четтетилет.  

Аффинаждалган алтындын дүң соодасы Лондон металл биржасынын кечки жана таңкы фиксинги боюнча жүргүзүлөт, мында негизинен салмагы 11-13 кг түзгөн куйманын лигатуралык салмагынын кеминде 99,99 пайыз химиялык таза металлды камтыган, тактап айтканда 999,9 пробадагы «банктык» куймалар колдонулат. Кыргыз Республикасында тиешелүү куймаларды «Кыргызалтын» ААК Аффинаждык заводу гана чыгарат.  

Азыркы кезде «Кыргызалтын» ААК «Аффинаждык завод» филиалы салмагы орточо 11-13 кг стандарттык (банктык) алтын куймаларын, жогорку пробадагы-999,9, салмагы 1000 грамм жана 100 грамм алтындын өлчөнгөн куймаларын, 999 пробадагы салмагы  орточо 25 кг стандарттык күмүш куймаларын чыгарат. Даяр куймалардагы алтындын сапатын аныктоону «ККК» ЖАК курамына кирген Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы (БИИЛ) жүргүзөт. 1998-жылы март айында бул лаборатория Британия Улуттук Аккредитациялык Кызматында (UKAS) Доре эритмеси боюнча аналитикалык анализдерди жүргүзүүгө жана куймаларды тастыктамалоого аккредитация алган: Алтын куймалар-999,9 проба, Күмүш куймалар-999 проба. Аффинаждык заводдун өзүндө 1999-жылдын октябрынан бери «Good Delivery» Лондон Металл Биржасынын сапат тастыктамасы бар, бул Кыргыз Республикасындагы аффинаждалган өндүрүштү дүйнөлүк мыкты аффинаждалган алтын өндүрүүчүлөр менен бир катарга коёт. Бүгүнкү күндө заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу-жылына 40 тонна алтынды түзөт.

 «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы гана аффинаждалган баалуу металлдарды республиканын ички рыногунда артыкчылык менен сатып алуу укугуна ээ. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу тутумунун өзалдынча башкаруу принцибинде иштеген аткаруучу органы болуп саналат.

Ошентип аффинаждалган алтынды «Кыргызалтын» ААКдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн квотасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортомчулугу менен сатып алуу пландалууда жана алтын куймаларын мындан ары сактоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жүргүзүү болгоолонууда. Жогоруда аталган Мыйзам долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда, ошондой эле пенсиялык топтоолорду салуу болгоолонгон аффинаждалган алтындын өлчөмү жана көлөмү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун локалдык ички актылары менен регламенттелет, б.а. практикада квартал сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун токтому менен Инвестициялык декларация бекитилмекчи, анда жайгаштырылган пенсиялык топтоо каражаттарынын конкреттүү көлөмдөрү, мөөнөттөрү жана өлчөмдөрү каралат.  

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамамлекеттик топтомо пенсиялык фондунда 24 656,2 млн. сом топтолду, алардын ичинен 91,26 пайыз-пенсиялык топтоолор жүгүртүү мөөнөтү ар кандай МБК жайгаштырылды же 22 501,1 млн. сом, 6,15 пайыз коммерциялык банктардагы депозиттерге жайгаштырылды же 1516,2 млн. сом, 2,59 пайыз эсептеги каражаттар 638,8 млн. сом. Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын аффинаждалган алтын сыяктуу альтернативдүү инструментке инвестициялоону сунуштоодо, МТПФ жалпы активдердин 10 пайыз көлөмүндөгү каражаттар, суммалык туюнтмада болжол менен 2,4 млн. сомду түзөт.

Мындан сырткары кароого сунушталган Мыйзамдын долбоору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тактоолорду киргизүү үчүн иштелип чыкты.

Алсак, пенсиялык топтоо каражаттары (пенсиянын топтоо бөлүгү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык төлөнөт.Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, мыйзамдарга шилтеме келтирилген беренелерде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен алмаштыруу керек.

Ошону менен бирге, аталган Мыйзамдын алкагында колдонулуучу «мыйзамдар» деген түшүнүк жалпыланган жана кеңири чечмелөө мүмкүнчүлүгүн берүүчү так эмес мүнөзгө ээ экендигин белгилей кетүү керек. Алсак, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар-коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документти түшүнөбүз.

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Бул Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору коомдук талкуу жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырууга жиберилген (________________чыг.№_____________).

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул долбоору 2020-жылдын_______________ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоолорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Ченемдик укуктук актынын долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алган учурда анын ишке ашырылышы республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

            Кыргыз Республикасынын

            Социалдык фондунун төрагасынын

            биринчи орун басары            ____________________________   Г.М.Джуматаева

                (төрага жок учурда)

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ  

  1. Максаты жана милдети

Инвестициялоодо пенсиялык топтоо каражаттарын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан тийиштүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунун максаты болуп эсептелет.     

Инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү киргизилип жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун милдети болуп эсептелет.

2. Баяндоочу бөлүк   

Кароого сунушталган мыйзам долбоору инвестициялоодо  альтернативдик инструменттерди карап чыгуу аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын көбөйтүү максатында иштелип чыккан, анткени жайгаштырылган пенсиялык активдердин олуттуу үлүшүн МБК жана коммерциялык банктардагы депозиттер сыяктуу салттуу финансылык инструменттер ээлейт.

Өз кезегинде пенсиялык системанын акырындык менен өнүгүшү чендердин кирешелүүлүгү  белгиленген инструменттер чендердин төмөндөп кетүү тобокелдигине алып келет.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтоолорду аффинаждалган алтын сыяктуу жаңы финансылык инструментке инвестициялоо үчүн активдердин тизмегин кеңейтүүнү сунуштайт, анткени инвестиция булагы катары пенсиялык топтоолор узак мөөнөтүү болгондуктан, аларды аффинаждалган алтын сыяктуу активдерге жайгаштыруу максатка ылайыктуу болот.

Мындан сырткары алтынга узак мөөнөттүү инвестициялар активди сатып алуудан кийин кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү перспективада баалардын өзгөрүшүн болтурбоого шарт түзөт жана рынокто тиешелүү пайдалуу шарттарды түзүүдө кирешелүүлүктүн зарыл болгон деңгээлин камсыздоо менен активдерди сатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Алтынга жайгаштыруу пенсиялык система үчүн имидждик мааниге ээ жана системага болгон ишенимдин деңгээлин жогорулатат.

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул долбоор коомдук талкуу жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырууга жиберилген (________________чыг.№_____________).

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун бул долбоору _______________ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоолорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Ченемдик укуктук актынын долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алган учурда анын ишке ашырылышы республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

         Кыргыз Республикасынын

         Социалдык фондунун төрагасынын

         биринчи орун басары               ___________________Г.М.Джуматаева

                            (төрага жок учурда)

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

4-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого багышталган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жылына бир жолудан көп эмес жана өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан кеч эмес бир гана пенсиялык топтоо фондун, пенсиялык топтоо фондунун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтоо фондунан башкасына которууга;

2) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана өтүп кеткен жылдагы пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу негизде чегерүүгө;

4) төлөм жүзөгө ашырылып жатканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пенсиялык топтоо фондунан пенсиялык төлөмдөрдү алууга;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топтоолорун мурастоого;

4-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого багышталган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жылына бир жолудан көп эмес жана өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан кеч эмес бир гана пенсиялык топтоо фондун, пенсиялык топтоо фондунун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтоо фондунан башкасына которууга;

2) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана өтүп кеткен жылдагы пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу негизде чегерүүгө;

4) төлөм жүзөгө ашырылып жатканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте пенсиялык топтоо фондунан пенсиялык төлөмдөрдү алууга;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топтоолорун мурастоого;

5-берене. Соцфонддун укуктары жана милдеттери

2. Соцфонд төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга;

2) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондун (МПТФ) түзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу түзүлгөн келишимдерине ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга берүүгө;

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы N 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

4) ушул Мыйзамдын 6-беренесиндеги 3-бөлүктүн 5-пунктунда каралган чыгымдарды төлөөгө;

5) пенсиялык топтоо каражаттарынын, аларды жайгаштыруунун, алынган инвестициялык кирешелердин өзгөчөлөнгөн эсебин жүзөгө ашырууга;

6) пенсиялык топтоолордун жана төлөмдөрдүн жеке эсебин жүзөгө ашырууга;

7) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын чагылдырууга, аларды эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоо каражаттарын "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттө чагылдырууга;

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы N 246 "Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

8) камсыздандырылган адамдарды өздөрүнүн жеке камсыздандыруу эсептериндеги топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылууга;

9) башкаруучу компанияларды тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдардын арыздарын кароого жана башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адам арыз берген жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен анын арызын канааттандыруу же баш тартуу тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө;

10) пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү, ошондой эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда камсыздандырылган адам каза болгондо анын мураскорлоруна төлөп берүүнү жүзөгө ашырууга;

11) башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.

11) башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга.

6-берене. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд

3. Соцфонд МТПФ үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоону;

2) пенсиялык топтоо төгүмдөрү боюнча салым ээлеринин (алуучулардын) маалымат базасын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү пенсиялык топтоо төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиялык топтолуучу пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишим түзгөн камсыздандырылган жеке жактардын бирдиктүү тизмесин жана эсебин жүргүзүүнү;

3) инвестициялоо максатында пенсиялык топтоолорду ишенимдүү башкаруу үчүн башкаруучу компанияларга берүүнү;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсия менен камсыз болууга укуктуу жарандарга пенсия төлөп берүүнү;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсия менен камсыз болууга укуктуу камсыздандырылган адам каза болгондо мураскорлорго топтоочу пенсиянын каражаттарын төлөп берүүнү, которууну (кайра тариздөөнү);

6-берене. Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд

3. Соцфонд МТПФ үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоону;

2) пенсиялык топтоо төгүмдөрү боюнча салым ээлеринин (алуучулардын) маалымат базасын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү пенсиялык топтоо төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиялык топтолуучу пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишим түзгөн камсыздандырылган жеке жактардын бирдиктүү тизмесин жана эсебин жүргүзүүнү;

3) инвестициялоо максатында пенсиялык топтоолорду ишенимдүү башкаруу үчүн башкаруучу компанияларга берүүнү;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте топтоочу пенсия менен камсыз болууга укуктуу жарандарга пенсия төлөп берүүнү;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтоочу пенсия менен камсыз болууга укуктуу камсыздандырылган адам каза болгондо мураскорлорго топтоочу пенсиянын каражаттарын төлөп берүүнү, которууну (кайра тариздөөнү);

19-берене. Уруксат берилген активдер (инвестициялоо объектилери). Инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптар

1. Пенсиялык топтоолор төмөнкүлөргө жайгаштырылышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына;

2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары кыргыз эмитенттеринин облигацияларына;

3) ачык акционердик коом формасында түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акцияларына;

4) чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарын жайгаштырган индекстик инвестициялык фонддордун пайларына (акцияларына, үлүштөрүнө), башка чет өлкөлүк эмитенттердин облигацияларына жана акцияларына;

5) ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга;

6) кредиттик уюмдардын депозиттерине.

6) ) кредиттик уюмдардын депозиттерине;

7) аффинаждалган алтынга.