Жарыяланган 22.12.2020

Соцфондко «e-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү

Соцфондко «e-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү

 Соцфондко «e-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү

КР Өкмөтүнүн буйругун аткаруу үчүн КР Соцфонду менен  Мамкаттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” МИ ортосунда “Адам ресурстарын эсепке алуу жана башкаруу” автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө” макулдашууга (мындан ары “АРЭБ” АМС) кол коюлду.

 “АРЭБ” АМС – бул мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарын  ээлеген кызматкерлер жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлебеген жана органды же мекемени техникалык чарбалык жактан тейлөө жана камсыздоо үчүн жооптуу кызматкерлер жөнүндө жеке маалыматтардын, ошондой эле аларды иштетүүнү камсыздоочу программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы  (бирдиктүү базасы).

 “АРЭБ” АМС киргизүү бирдиктүү маалыматтык платформанын негизинде персоналды эсепке алуу жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу аркылуу башкарууну оптималдаштырууга жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга  багытталган.

“АРЭБ” АМС КР Соцфондунун кадрдык курамы жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүүгө мүмкүндүк берет, ар бир кызматкердин кесиптик тарыхынын сакталышын камсыздайт, билими, квалификациясы, курагы, гендери, кызматкерлердин саны боюнча аналитикалык отчет түзүүгө мүмкүндүк түзөт, иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана кадрдык саясаттын процессин стандартташтырат, кадрлар боюнча ыкчам жана так маалыматты колдонуунун негизинде башкаруучулук чечимдердин майнаптууулугун жогорулатат.

Ушул тапта Соцфондуна “АРЭБ” АМС киргизилип, борбордук аппараттын, региондук органдардын жана ведомстволук мекемелердин ар бир кызматкеринин кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасында көрсөтүлгөн маалыматтарды киргизүүчү жана жаңыртуучу колдонуучулар окуудан өткөн.