Жарыяланган 19.11.2020

КРнын Соцфондуна 2020-жылдын 1-январынан тартып 9070 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

КРнын Соцфондуна 2020-жылдын 1-январынан тартып 9070 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

КРнын Соцфондуна 2020-жылдын 1-январынан тартып 9070 арыз жана кайрылуулар келип түшкөн.

 

КРнын Социалдык фондунун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2020-жылдын 1-январынан тартып 9070 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Анын ичинен 192 электрондук арыздар.

Учурдагы өлкөдөө болуп жаткан COVID-19 пандемиясынан улам орун алган жагдайга карабастан 2020-жылдын 10 айы боюнча 785 жаранга оозеки кабыл алуу болду жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча түшүнүктөр берилди.

Андан тышкары, Төрага, Төраганын орун басарлары жана Аппарат жетекчиси тарабынан 49 жаранды өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн талдоо боюнча көбүнчө пенсияларындагы өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, пенсияларды индексациялоо тууралуу, пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу, пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө жана камсыздандыруу стаждарын, айлык акыларын тастыктоо тууралуу арыздар, даттануулар жана кайрылуулар келип түшкөн.

Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу  мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөөлөр берилип келүүдө.

2020-жылдын 10 айында 7740 телефон чалуулар, анын ичинен 897 уюлдук телефон чалуу кайрылуулар түшкөн.