Жарыяланган 11.11.2020

Мамлекет тарабынан текстиль жана тигүү өндүрүшүн колдоо

Мамлекет тарабынан текстиль жана тигүү өндүрүшүн колдоо

Мамлекет тарабынан текстиль жана тигүү өндүрүшүн колдоо

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылдын 18-сентябрындагы №116/ 338 б биргелешкен буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору иштелип чыккан.

Бул Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын 23-декабрында № 145 кол коюлду.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты  болуп тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүү, иштеп жаткан ишкерлерди экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу, тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген юридикалык жактарга салык жүгүн жана социалдык чегерүүлөрдүн өлчөмүн азайтуу аркылуу экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү эсептелет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жана киреше салыгын төлөө боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ортосундагы жүктү теңдөө максатында төмөнкүдөй ченемдер белгиленген:

- жалданган кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык текстиль жана тигүү тармагында өндүрүш ишмердиги менен алектенген юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин орточо айлык эмгек акынын (ОАЭ) 40%нын 12% өлчөмүндө;

- Салык Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеден  улам эсептелген ар бир жалданган кызматкерге киреше салыгынын белгиленген суммасы.

Бул ченемдер 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Мындан сырткары, эмгек акынын суммаларын төмөндөткөн, жашырган учурларда камсыздандыруучуларга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер жана жеке адамдар) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү кечиктирип же толук эмес төлөгөндүгү үчүн айыптарды көбөйтүү каралган.