Жарыяланган 19.10.2020

Социалдык коргоо жана Профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен!

Социалдык коргоо жана Профсоюздар  кызматкерлеринин күнү менен!

Урматтуу Социалдык фонддун кызматкерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыбыз - Социалдык коргоо жана Профсоюздар  кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Социалдык коргоо – бул көп кырдуу функционалдуу тармак. Жарандарга турмуштун татаал кырдаалдарында колдоо жана жардам көрсөтүп, мамлекеттик милдеттериңизди кесипкөйлүк менен аткарып келесиздер.

Социалдык фонддун ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө жана социалдык реформаларды өнүктүрүүдө бардыгыңыздардын салымыңыздар чоң!

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, кажыбас кайрат жана жоопту ишибизде албан-албан ийгиликтерди каалайм!

 

Урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                        Медер Ирсалиев