Жарыяланган 8.10.2020

Соцфонд штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана аймактык башкармалыктары штаттык режимде иштеп жаткандыгын, демек 2020-жылдын октябрь айынын пенсиялары үзгүлтүксүз өз убагында каржылана тургандыгын билдирет.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык пенсиялардын өлчөмдөрүн индексациялоо жолу менен кайра эсептөө иштери толугу менен аякталды жана жаңы өлчөмдөгү октябрь айынын пенсиялары 12-октябрьдан баштап төлөнө баштайт.