Жарыяланган 10.08.2020

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь-июль айларында 29555 кайрылуу кабыл алды

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь-июль айларында 29555 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Соцфонддун Call-борборуна  2399 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 548 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

КР Соцфондунун Call-борборуна  кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.