Жарыяланган 6.08.2020

Коммерциялык банктарга маалымат берүү тууралуу маалымат

Коммерциялык банктарга маалымат берүү тууралуу маалымат

 «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картаны аткаруунун алкагында жеке маалыматтарды пайдалануунун коопсуздугун камсыздоону эске алып,   Социалдык фонд тарабынан «Түндүк» ЭВӨС  (электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы) аркылуу банк сектору үчүн эмгек акынын өлчөмүн бышыктоо жөнүндө маалымат берүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыккан.

Социалдык фонд тарабынан төмөндөгү иштер аткарылды:

1) Коммерциялык банктар үчүн акыркы 3 жылдагы ӨКЭден (өздүк камсыздандыруу эсебинен) малымат берүү боюнча атайын тейлеме  иштелип чыккан.

2) Коммерциялык банктар үчүн пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымат берүү боюнча атайын тейлеме иштелип чыккан.

3) Кыргыз Республиканын Социалдык фондунун маалыматтык системасынан коммерциялык банктарга маалымат берүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыккан.

4) Макулдашууга ийгиликтүү кол коюлду жана атайын адаптерлерди пайдалануу боюнча техникалык аспектилерди жана жеке маалымат субъекттеринен макулдугун алуу механизмдерин өзүнө камтыган ӨКЭден маалымат берүү боюнча пилоттук долбоордо коммерциялык банктар менен өз ара аракеттенүү боюнча иштер жүргүзүлдү.  

Берилип жаткан электрондук кызматтардын сапатын жана ылдамдыгын жогорулатуу жана коммерциялык банктар менен электрондук өз ара аракеттенүү максатында Социалдык фонд субъекттерден электрондук документ түрүндө макулдугун алуу боюнча өзүнчө маалыматтык системаны киргизүү үчүн    техникалык тапшырманы иштеп чыгуу боюнча иштерди бүткөрдү.

Пилоттук долбоордун бул этабында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкү коммерциялык банктар менен Макулдашууга кол койгон:

1. «Бай-Түшүм» ААК;

2. «Компаньон» ЖАК;

3. «РСК» ААК;

4. «Айыл Банк» ААК;

5. «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» ААК;

6. «Бакай Банк» ААК;

7. «ЭкоИсламикБанк» ЖАК;

8. «Дос-Кредобанк» ААК;

9. «Финка Банк» ААК;

10.«ФинансКредитБанк» ААК;

11. «Евразия Сактык Банкы»;

Бүгүнкү күндө коммерциялык банктардан жарандардын кредиттик бүтүмдөрү үчүн жеке маалыматтарды алууга  4000 суроо-талап суралган жана иштелип чыккан.