Жарыяланган 30.07.2020
2020-ЖЫЛДЫН 30-ИЮЛУНДА COVID-19 КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫНАН КАЗА ТАПКАН ЖАРАНДАР ЭСКЕРИЛЕТ
Бүгүн, 2020-жылдын 30-июлунда, республиканын жалпы аймагында КР Президенти С. Жээнбековдун Жарлыгынын негизинде COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза тапкан жарандар эскерилет.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып, бул оор илдеттен 1364 адам каза тапты. Бул биздин эл үчүн оор жоготуу болду. Каза болгондордун жаркын элеси дайыма эсибизде сакталат.