Жарыяланган 17.07.2020

Соцфонд жыл башынан бери 23 млрд сомдон ашуун суммада пенсия таратып берди.

Соцфонд жыл башынан бери 23 млрд сомдон ашуун суммада пенсия таратып берди.

Үстүбүздөгү жылдын алты айынын ичинде 23 млрд 654 млн сом өлчөмүндө пенсия таратылды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин пенсия өз убагында жана толук өлчөмдө төлөнүп берилди.

“2019-жылы республикалык бюджеттен 21 млрд сом түшкөн. Жарандарга 45 млрд сомго пенсия төлөнүп берилген. Ал жылы пенсияны 670 миң адам алчу. Пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 786 сом болгон. Быйыл 6 айдын ичинде 23 млрд 654 млн сомго пенсия төлөнүп берилди. 2020-жылы республикалык бюджеттен 11 млрд сом түшкөн”, - дейт ал.

Асанов пенсионерлердин 41 пайызы почта аркылуу, 59 пайызы коммерциялык банктар аркылуу өз пенсияларын алып жатканын айтты.

“Ошондой эле Соцфонддо 5 жылдан бери колл-борбор жана ишенем телефону иштеп жатат. Кандай гана маселе жаралса кайрылсаңыздар болот. Акыркы айда 3 миңге жакын адам кайрылган. Аны менен бирге ведомствонун сайтында электрондук (жеке) кабинет функциясы иштеп жатат. Ал жерден да керектүү маалыматтарды ала аласыздар”, - деди Асанов.