Жарыяланган 17.07.2020

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети

2019-жылдын 1-июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» иштеп жатат.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун үчүн камсыздандырылган адамдар, анын ичинде пенсионерлер менен өз ара аракеттенүүнүн дагы бир ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» маалыматтык системасы иштөөдө.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө келип, өзүнүн маселелерин чечүү үчүн адистерге кезекке туруунун ордуна Электрондук кабинет системасында катталып, пароль алып жана андан кийин Электрондук кабинет аркылуу интернеттен зарыл маалыматтарды аралыктан сурап алууга мүмкүнчүлүк бар.

Электрондук кабинет аркылуу төмөнкү Арыздарды берүүгө болот:

- жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөргө;

- пенсия чектөөгө;

- пенсияны кайра эсептөөгө;

- пенсия төлөөнү узартууга;

- төлөө ордун жана ыкмасын өзгөртүүгө;

- пенсия тууралуу маалымкат алууга;

- башкаруучу компанияны алмаштырууга же ТПФ каражаттарын төлөөгө.

Тɵмɵнкүлɵр жɵнүндɵ тийиштүү маалымат алууга:

- чектелген пенсия тууралуу маалыматтарды

Тɵмɵнкүлɵрдү калтырууга:

- Каалаган суроо боюнча формалдашпаган кайрылууну.

Электрондук кабинетте катталуу үчүн сиз: Социалдык фонддун жакынкы аймактык бөлүмүнө бир жолу келип, арыз бере аласыз. 2017-жылдагы үлгүдɵгү КР жаранынын паспорту жана окуп чыгуучу түзүлмɵ (картидер) болсо  алыс жактан эле катталууга болот.

Бүгүнкү күндө Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети аркылуу, пенсияны чектөөгө мыйзамдын талаптарына ылайык керектелген иш кагаздары менен 4 кайрылуу тушүп, аларга пенсиялык мыйзамдын нормаларына ылайык өз убагында пенсия чектелди.

Ушул тапта электрондук кабинетте 144729 адам катталган.