Жарыяланган 2.07.2020

Ипотекалык турак жайды насыялоо үчүн - пенсиляык топтоолор

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы №710 токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКы, коммерциялык банктар менен биргеликте пенсиялык топтоо каражаттарын бир жолу төлөп берүү боюнча иш алып барууда:

- ипотекалык кредит алып жаткан адамдарга, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада пенсиялык топтоолору болсо, менчик турак жайы жок болгон шартта;

- Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине ылайык оор оорулары бар адамдарга өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо.

Ипотекалык кредит алып жаткан адамдарга пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн төмөнкү документтер керек:

- ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү каржылоо үчүн белгиленген формадагы арыз;

- алуучунун инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн түп нускасы.

Оор  оорулары бар адамдарга пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн төмөнкү документтер керек:

- алуучунун инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн түп нускасы.

- арыз башка адам тарабынан берилсе, пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылуу укугу менен өкүлүнө нотариус тарабынан ырасталган ишеним кат, ошондой эле өкүлдүн ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн түп нускасы;

- Оорулардын тизмегине ылайык оорунун атын көрсөтүп, саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органына караштуу саламаттык сактоо уюмунун мөөрү жана жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн, пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулары бар экендигин ырастаган маалым кат.

Ипотекалык кредит алып жаткан камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору бар экендигин ырастоо, ипотекалык кредит берүүнү жактыруу тууралуу ырастоо боюнча маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен коммерциялык банктардын ортосунда техникалык макулдашуунун алкагында ипотекалык турак жай насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу ишке ашырылат.

Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү жөнүндө акыркы чечим үчүн маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан «Мамлекеттик ипотекалык кредит» ААК, «Түндүк» ЭВӨС аркылуу жүргүзүлөт.

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду» мекемеси камсыздандырылган адамга ипотекалык кредит берүүнү жактыруу тууралуу ырастоону алгандан кийин пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) банктын ырастоосунда көрсөтүлгөн банк эсебине которот.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2010-жылдан баштап азыркы күнгө чейин ар бир камсыздандырылган адам боюнча пенсиялык топтоолорунун эсебин жүргүзүүдө жана жарандар ипотекалык кредит алуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылардан мурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сайтында өздүк кабинетке кирүү үчүн каттоодон өтүп, топтоолору жөнүндө билсе болот.

Аталган кызматты алуу үчүн камсыздандырылган адам Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына инсандыкты ырастоочу документ менен кайрылып, өздүк кабинетке кирүү үчүн каттоодон өтүшү керек.

Ошондой эле жарандар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына инсандыкты ырастоочу документ менен кайрылып, өздүк камсыздандыруу эсебинен маалыматтарды ала алышат.

Документтерди өткөрүү механизми ченемдик укуктук актыларда кадамдалып жазылган жана алар жөнүндө кененирээк коммерциялык банктарга, «Мамлекеттик ипотекалык кредит» ААКына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылып билсе болот.  

Бул кызмат көрсөтүү акысыз.  

Бардык кызыктырган суроололор боюнча Call-centre – 1202, 0312-576301 телефону боюнча кайрылсаңыздар болот.